Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылдын 30-августу №11
« Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына арыз жазган Жаңы-Базар айылынын тургуну Нурбаева Чакүндүн уул кыздарынын жана айыл тургундарынын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылынын “Береке” көчөсүнүн аты 2022-жылдын 15-июлундагы №387 “КРсындагы географиялык обьектилерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү” жобого ылайык “Баатыр эне” 57 неберенин, 130 чеберенин 3 кыбыранын чоң энеси Нурбаева Чакундүн ысымына өзгөртүлсүн.
2. Көчөгө ысымы берилген жарандын атын жазып, көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу Ч.Нурбаеванын уул-кыздарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Жаңы-Базар айылынын айыл башчысына тапшырылсын.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |