Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылдын 30-августу №12
« Кара-Булак айылындагы көпүрөгө ысым ыйгаруу жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты У.Качканаковдун Кара-Булак айылындагы көпүрөгө Беки уулу Арстандын ысымын ыйгаруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылындагы көпүрөгө маркум Беки уулу Арстандын ысымы ыйгарылсын.
2. Көпүрөгө ысымы берилген жарандын атын жазып, абалына көз салуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Кара-Булак айылынын айыл башчысына тапшырылсын.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |