Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылдын 30-августу №14
« Каныш-Кыя айылындагы мазарга ысым ыйгаруу жөнүндө ».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты У.Масалбековдун Каныш-Кыя айылындагы мазарга Курманалиев Масалбектин ысымын ыйгаруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылындагы мазарга “Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери”, бир кылым жашаган айыл аксакалы маркум Курманалиев Масалбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Мазарга ысымы берилген жарандын атын жазып, абалына көз салуу Курманалиев Масалбектин уул-кыздарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айылынын айыл башчысына тапшырылсын.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |