Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылдын 30-августу №15
« Каныш-Кыя сайындагы көчөт өстүрүүчү жайга ысым ыйгаруу жөнүндө».
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты А.Жуматаевдин Каныш-Кыя сайында жайгашкан көчөт өстүрүүчү жайга Курманалиев Татабектин ысымын ыйгаруу боюнча сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылындагы Каныш-Кыя сыйындагы көчөт өстүрүүчү жайга “Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери” “Чаткал токой чарбасына эмгеги сиңген инсаны” маркум Курманалиев Татабектин ысымы ыйгарылсын.
2. Көчөт өстүрүүчү жайга ысымы берилген жарандын атын жазып, абалына көз салуу Курманалиев Татабектин уул-кыздарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Иш алып баруу Каныш-Кыя айылынын айыл башчысына тапшырылсын.
Төрага: |
М.Ш.Аликеев |