Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-ноябры № 695
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Фармацевтикалык ишти лицензиялоо тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин шайкеш келтирүү, ошондой эле директорлор кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жана макулдашуу процессин жөнөкөйлөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 168-пункт төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү: ушул пункттун 5-пунктчасынын экинчи жана үчүнчү абзацтары лицензиаттар тарабынан ушул Жобонун 183-пунктуна ылайык берилет. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында дары каражаттарынын дистрибьюторлору үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 80 "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында талаптагыдай дистрибьютордук практиканын эрежелерин бекитүү жөнүндө" чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай дистрибьютордук практикасынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келүүсүнө фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүү 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге чейин ыктыярдуу болуп саналат.";
- 180-пунктта "2025" деген цифралар "2026" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 183-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"183. 2025-жылдын 31-декабрына чейин дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүңүнөн сатууга лицензиялар, лицензиат тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай дистрибьютордук практикасынын талаптарына шайкештик сертификатын алуу ыктыярдуу болуп саналат, ошол эле учурда лицензиат 2026-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин талаптагыдай дистрибьютордук практикасынын талаптарына шайкештик сертификатын алууга милдеттүү.";
- 184-пунктта "2025" деген цифралар "2026" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 325-пункттун 1-пунктчасы "жогорку билими" деген сөздөрдөн кийин "директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
- 330-пункттун 4-пунктчасы, 337-пункттун 4-пунктчасы, 344-пункттун 4-пунктчасы "баалуу кагаздар" деген сөздөрдөн мурда "директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
- 351-пункттун 4-пунктчасы, 357-пункттун 4-пунктчасы, 364-пункттун 7-пунктчасы "баалуу кагаздар" деген сөздөрдөн мурда, 370-пункттун 7-пунктчасы "Кыргыз Республикасында" деген сөздөрдөн мурда "директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |