ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз IV сессиясынын отурумунун
2021-жылдын 13-августу № 4/5
Өзгөн шаардык мэриясынын “Муниципалдык аймактык башкаруу жөнүндө” типтүү жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезексиз IV сессиясынын отуруму Өзгөн шаардык мэриясынын 2021-жылдын 11-августундагы № 836 катын угуп жана талкуулап «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 11-августундагы № 4 протоколунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык мэриясынын “Муниципалдык аймактык башкаруу жөнүндө” типтүү жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жобону Кыргыз Республикасынын Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |
|
| Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылдын 13- августундагы кезексиз IV сессиясынын №4/5 токтомунун тиркемеси |
Өзгөн шаардык мэриясынын муниципалдык аймактык
башкармалыктары жөнүндө
ТИПТҮҮ ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. МАБдын негизги милдеттери жана функциялары
III. МАБдын ыйгарым укуктары
IV. МАБдын түзүмү жана штаттык саны
V. Эсепке алуу жана отчеттуулук
VI. МАБды материалдык-финансылык жактан камсыздоо
VII. Эмгек мамилелери
VIII.МАБды кайрадан уюштуруу жана жоюу
I. Жалпы жоболор
Типтүү жобо Өзгөн шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыгын (мындан ары –МАБ) түзүүнүн жалпы тартибин, иш-аракетин белгилейт жана укуктук статусун аныктайт.
Бул жобо Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Өзгөн шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыкты.
1. МАБ Өзгөн шаарынын мэриясы тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ыйгарылган функцияларды аткаруу үчүн өз алдынча жана жеке жоопкерчилик үчүн өз компетенциясынын чектериндетурак үйлөрдүн, кварталдардын, көчөлөрдүн, кичи райондордунанык чектериндеги калктын тыгыз жашоосунун аймагында түзүлөт.
2. МАБ тарабынан тейленүүчү аймактардын чектери жана МАБ жөнүндө типтүү Жобо Өзгөн шаардык Кенеши тарабынан бекитилет.
Өзгөн шаарынын мэриясы МАБдын уюштуруучусу болуп саналат.
Өзгөн Шаарынын мэриясы МАБдын иш-аракетин контролдоону жана координациялоону жүзөгөашырат.
3. МАБ мамлекеттик каттоодон өткөн учурдантартып “Мекеме”-уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча баланска, өз аталышы менен гербдүү мөөргө, штампка, өздүк счетко, фирмалык бланкка ээ болот.
4. МАБ Өзгөн шаарынын мэриясынын аймактык бөлүнүштөрү болуп саналат. МАБдын кызматкерлери “муниципалдык кызматкер” макамына ээ.
5. МАБ өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын , жана башка укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. МАБ өз иш-аракетин мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүнүштөрү Өзгөн шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүнүштөрү, ар түрдүү коомдукөз алдынча башкаруу жана менчикти формасына карабастан юридикалык жактар менен ведостволук аймактын калкы,Өзгөн шаарынын мэриясынын жана өз компетециясынын чектеринде бекитилген аймактагы калктын кызыкчылыгын көрсөтүү менен жүзөгө ашырат.
7. МАБ коммуналдык кызматтар жана менчиктин ар кандай түрүндөгү юридикалык жактар менен келишимдик негизинде өз ара мамилелерди түзөт.
8.МАБ өз иш-аракетин төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырат:
а) Өзгөн шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк жана аймактык бөлүнүштөрү менен алардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектеринде аныктоо;
б) Өзгөн шаарынын мэриясынын алдында отчеттуу болуу;
в) ведомстволук аймактын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүү;
г) ишмердүүлүгүндө социалдык калыстыкты, ачык- айкындуулукту сактоо, коомдук уюмдар , ведомстволук аймактагы калк менен тыгыз байланышта болуу;
д) жыйналыштарда, чогулуштарда жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоодо бекитилген аймактык жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрң катышууга тартуу.
II.МАБдын негизги милдеттери жана функциялары
1. МАБдын негизги милдеттери жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишин уюштуруу болуп эсептелет.
2.Төмөмндөгүлөр МАБдын негизги фунциялары болуп саналат:
а) ага берилген ыйгарым укуктардын чектеринде Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары, Өзгөн шаардык Кенеши, Өзгөн шаардык мэриясынын чечимдерин аткаруу;
б) Кыргыз Республикасынын жана Өзгөн шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары жана чечимдери жөнүндө калкты кабарлоо жана алардын аткарылышын уюштуруу;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын макулдугу боюнча келишимдин негизинде функцияларды аткаруу жана мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ыйгарылган укуктарды жүзөгө ашыруу;
г) кварталдык комитеттердин, аксакалдар сотторун, турак жай ээлеринин шериктештиктерин, башка коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;
д) жарандык кайрылуулар менен тикеден-тике жана тургундардын коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун формалары, аксакалдар соту, райондук мамлекеттик администрациянын административдик комиссиясы жана мамлекеттик бийлик органдары аркылуу иштөө;
е) тургундардын күнүмдүк жашоо турмушун камсыздоо маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүү;
ж) калк менен коммуналдык кызматтарды жеткирүүчү уюмдардын келишимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
з) коомдук өз алдынча башкаруунун формаларына дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын жана бюджеттен тышкаркы ресурстардын каражаттарын тартуугакөмөк көрсөтүү;
и) эн жакшы кварталдык комитеттердин турак жай ээлеринин шериктештиктеринин жана башка коммерциялык эмес уюмдарынын тажрыйбасын жайылтуу жана жалпылоо;
к) Өзгөн шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу тарабынан берилген ыйгарым укуктарды жана башка функцияларды аткаруу.
III.МАБдын ыйгарым укуктары
1.МАБ өзүнүн компетенциясынын төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
а) ведомстволук аймактын социалдык-экономикалык программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
б) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө мамлекеттикбийлик органдарыменен өз ара аракеттенет;
в) чарбалык субьектилер менентурак жай фондун ремонттоо жана техникалык тейлөө боюнча келишим түзүүдө коомдук өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтөт;
г) бардык балдардын жана өспүрүмдөрдүн билим алуусун камсыздоо үчүнбилим берүү уюмдарына мектеп жана мектепке чейинки балдардын эсебин жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
д) бекитилген аймактагы маалыматтык базаны түзөт жана жаңыртып турат;
е) Өзгөн шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун МАБга өткөрүлүп берилген муниципалдык менчик обөекттерин оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат;
ж) Ош шаарынын мэриясына , ошондой эле мамлекеттик органдарга , менчиктин ар кандай формасындагы ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге МАБдын карамагына тийиштүү маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
з) ведомстволук аймактык көрктөндүрүү, санитардык тазалоо, жашылдандыруу, жарыктандыруу,бак-дарактарды сугаруу боюнча иштерди жана башка турак жай-коммуналдык чарбанын функциясына тийиштүү маселелердин аткарылышына контролду жүргүзөт;
и) кварталдык коммуналдык кызматтар жана менчиктин ар кандай формасындагы уюмдар менен калкка кызматтарды көрсөтүү боюнча өз арааракеттенүүсүн камсыз кылат;
к) кварталдык комитеттер менен биргелешип жер телөөлөрдүн, чатырчалардын, кирмелердин жан үйлөрдүн абалы үчүн жалпысынан курулуш жана жолдорду, инженердик тармактарды ремонттоону жүргүзүүчү уюмдардын ишин жүргүзүү үчүчн эксплуатациялык уюмдар тарабынан жылуулук, электр, суу, газ менен камсыздоо, лифт чарбасынын ишиндеги аварияларды жана кемчиликтерди четтетүү үчүн жер, ландшафт, курулуш иштерин жүргүзүү боюнча мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт;
л) мэрия менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте катталган коомдук өз алдынча башкаруунун субьектерине өз функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын бөлүгүн келишимдин негизинде ыйгарат;
м) Өзгөн шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүнүшөрүнө керектелүүчү рыногунун жана кызматкерлердин тармагын , шаардык транспорттун каттам тармагынын жана анын жүрүү жадыбалын өнүктүрүү жана башка маселелер боюнча сунуштарды киргизет;
н) ведомстволук аймакта коомдук тартипти кармоодоукук коргоо органдарына көмөк көрсөтөт;
о) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, ар кандай фонддор юридикалык жана жеке жактар атабынан бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен калктын аз камсыз болгон катмарын даректүү социалдык коргоо боюнча ишти уюштурууда катышат;
п) шайлоо, референдум, депутаттардын шайлоочулар менен бардык деңгээлдеги жолугушууларын уюштурууда, коомдук пикирди суроолорду өткөрүүнү уюштуруусуна көмөк көрсөтөт;
р) шаардык аткаруу бийлигинин тармактык органдары менен биргеликте балдар өспүрүмдө , жаштар жана үй-бүлөлөр менен алардын жашаган жери боюнча иштерди уюштурут жана жашаган жери боюнча балдар, өспүрүмдөр, жаштар менен социалдык-педагогикалык жана эс алуу иштерин алып баруучу клубдардын жана борборлордун иш-аракетин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
с) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аксакалдар сотторунун, ар кандай комиссиясынын кароосуна материалдарды жиберет;
т) белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт;
у) Өзгөн шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. МАБдын карамагына бекитилген аймактык жашоочуларынын санынан калктын жашоо турмушун камсыздоо жана аймакты өнүктүрүү: көрктөндүрүү, балдар жана өспүрүмдөр менен иштөө, турак-жай коммуналдык жана социалдык маселелер боюнча коомдук комиссия түзүүсү мүмкүн.
IV. МАБдын түзүмү жана штаттык саны
1. Өзгөн шаардык мэриясы МАБды башкаруунун эң жогорку органы болуп саналат.
2. МАБдын түзүмү жана штаттык сан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өзгөн шаардык мэриясы тарабынан бекитилет.
3.Өзгөн шаардык мэриясынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
а) МАБ жөнүндө Типтүү жобону иштеп чыгат жана шаардык кеңештин бекитүүсүнө киргизүү;
б) Өзгөн шаардык мэриясы МАБга берилүүчү функциялардын жана ыйгарым укуктардын тизмегин бул жобого ылайык аныктоо;
в) МАБдар тарабынан функционалдык милдеттердин аткарылышын жана берилген ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын көзөмөлдөө;
г) МАБды кайрадан уюштуруу жана жоюу;
д) МАБдын муниципалдык кызматкерлерине коюлуучу квалификациялык талаптарды бекитүү;
е) Кыргыз Республикасынын “Мамалекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык МАБдын кызматкерлерин,башчысын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотууну жүзөгө ашыруу;
з) МАБдын штаттык расписаниесин бекитүү;
ж) МАБдын иш-аракетин контролдой.
4. МАБдын иш-аракетин жетектөөнү МАБдын башчысы жүзөгө ашырат. МАБдын башчысы жок учурунда ыйгарым укуктарын орун басары (жооптуу катчы) жүзөгө ашырат.
5. МАБдын башчысы кызматына талапкер Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамында каралган талапка ылайык Башкы адиске коюлуучу талапка туура келген жаран мэрдин сунушу менен шаардык кеңештин макулдугу боюнча дайындалат.
6. МАБдын башчысынын милдеттери жана укуктары:
а) Бул Жобого ылайык МАБдын иш-аракетин уюштурат, өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде МАБДын мүлкүн жана финансылык каражаттарын тескейт, кредиттик-эсептик жана башка эсептерди ачат, ишеним кат берет;
б) МАБдын иш-аракетине тийиштүү болгон, бул Жобого жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген маселелерди өз алдынча чечет;
в) МАБдын иш- аракетин камсыздоочу документтерге кол коюу укугуна ээ;
г) ишеним катсыз МАБдын атынан иштейт, аны юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде көрсөтө алат;
д) бекитилген штаттык расписаниелерге жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык МАБдын кызматкерлерин шаардык мэриянын жетекчилигинин сунушу менен, өзгөчө учурларда өз алдынча да жумушка кабыл алат жана жумуштан бошотот;
-келишим боюнча убактылуу же туруктуу иштеген кызматкерлер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылуучу буйруктарды чыгарат;
ж) бул Жобо тарабынан аныкталган ыйгарым укуктардын чегиндечарбалык жана башка келишимдерди , анын ичинде эмгек келишимдерди (контрактра) мэ риянын жетекчилиги менен биргеликте түзөт.
V. Эсепке алуу жана отчеттуулук
1. МАБ өзүнүн чарбалык иш-аракетинин жыйынтыктарын эсепке алууну жүргүзөт жана белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
2. МАБдын финансылык-чарбалык иш-аракетине көзөмөл Өзгөн шаардык мэриясы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аныкталган компетенттүү органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. МАБдын башчысы жана башкы бухгалтери эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүнүн тартибин сактоо жана ишмердүүлүгүнө жеке жоопкерчилик алат
4. Өзгөн шаардык Кеңеши жана Өзгөн шаардык мэриясынын талабы боюнча МАБ өз иш-аракетинин жыйынтыктары жөнүндө квартал сайын отчет берет.
VI. МАБды материалдык-финансылык жактан камсыздоо
1. МАБга оперативдүү башкаруу укугунда мүлк бекитилет.
2. МАБ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчик ээси. Өзгөн шаардык мэриясынын макулдугу менен гана ага бекитилген мүлктү пайдаланууга укуктуу.
3. МАБды күтүүгө чыгымдарды каржылоо төмөндөгүлөрдүн эсебинин жүзөгө ашырылыт:
а) Өзгөн шаардык мэриясы тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайыкшаардык бюджеттик каражаттардын;
б) юридикалык жана жеке жак тарабынанкайтарымсыз берилүүчү каражаттардын жана атайын каражаттардын;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган башкар кирешелердин.
VII. Эмгек мамилелери
1. МАБдын кызматкерлеринин эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын “Эмгек” кодекси, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы менен жөнгө салынат.
2. МАБдын кызматкерлери башкармалыктын мүлкүнө алар тарабынан келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын жана эмгек келишиминин негизинде жеке материалдык жоопкерчилик тартат.
3. МАБдын кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими Кыргыз Республикасынын Эмгек кодеси жана социалдык коргоо, социалдык камсыздандыруу чөйрөсүнө тиешелүү укуктун ченемдик актыларынын негизинде ишке ашырылат.
VIII. МАБды кайрадан уюштуруу жана жоюу
1. МАБды кайрадан уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2. МАБды жойгондон кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган тартипте бөлүштүрүлөт.
3. МАБдын иш-аракетинин токтотулушу юридикалык жактардын мамлекеттик Бирдиктүү реестрине жоюлгандыгы тууралуу тийиштүү маалымат киргизилгенден кийин иш-аракети токтотулду деп эсептелинет.
4. МАБдын иш алып баруу процессинде пайда болгон документтер Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Мыйзамынын негизинде аткарылып, тийиштүү мекемелерде сакталат.
Өзгөн шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси | М. Тайлаков |