Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 697 токтомуна) |
Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын (мындан ары - сыйлык) изденип алууга чыгармаларды, иштерди жана материалдарды көрсөтүү, кабыл алуу жана кароо тартибин аныктайт.
2. Сыйлыктын негизги максаты жаштарды патриоттуулук жана жаратмандык духунда, салттуу руханий-адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарды сактоого жана өнүктүрүүгө, жаш муундардын руханий-адеп-ахлактык принциптерин жана дене тарбиясын чыңдоого тарбиялоочу чыгармаларды жаратууну колдоо болуп саналат.
3. Сыйлыкты изденип алууга талапкерлердин чыгармалары, иштери жана материалдары көркөм чеберчилик деңгээлине ылайык келүүгө, жаштардын бай руханий дүйнөсүн ачып берүүгө жана аларды Кыргызстандын элине жан-дили менен кызмат кылууга чакырууга тийиш.
4. Сыйлыкты ыйгаруу үч жылда бир жолу өткөрүлөт. Сыйлык төмөнкү 11 номинациянын ар бири боюнча ыйгарылат:
1) "Адабият жаатындагы мыкты чыгарма";
2) "Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма";
3) "Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик";
4) "Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)";
5) "Шаар куруу, архитектура жана дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор";
6) "Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы (мыкты аткаруучу, мыкты актердук чеберчилик, мыкты коюучу-режиссер, мыкты сценарий)";
7) "Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)";
8) "Илим, билим берүү жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш (монография, жаңы ойлоп табуулар)";
9) "Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик";
10) "Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик";
11) "Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн".
5. Изденип алуучулардын жаш курагы 35 жаштан жогору болбоого тийиш.
6. Сыйлыкка татыктуу болгон лауреаттарга Ч.Т.Айтматовдун элеси түшүрүлгөн төш белги тапшырылат. Лауреатка төш белги менен бирге белгиленген үлгүдөгү төш белгиге күбөлүк жана 200000 (эки жүз миң) сом (салыктарды эсепке алганда) өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылат.
7. Сыйлык авторлор жамаатына ыйгарылган учурда акчалай сыйлык авторлор жамаатынын мүчөлөрүнүн ортосунда бирдей бөлүштүрүлөт.
8. Сыйлыктын лауреаттарынын аттары жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ардак китебине жазылат.
9. Сыйлык салтанаттуу жагдайда ыйгарылат. Сыйлоо аземи эреже катары 12-декабрь - Социалисттик эмгектин баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси Айтматов Чыңгыз Төрөкуловичтин туулган күнүндө өткөрүлөт.
10. Сыйлыкты изденип алууга талапкерлерди көрсөтүү тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө жарыя, ошондой эле зарыл болгон конкурстук материалдардын тизмеги Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан кароо башталганга чейин төрт айдан кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
2-глава. Талапкерлерди көрсөтүү жана документтерди кабыл алуу тартиби
11. Сыйлыкты изденип алууга талапкерлерди көрсөтүү жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү, маданият, спорт, билим берүү жана илим мекемелери, чыгармачыл союздар, коммерциялык эмес уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары - ыйгарым укуктуу мекемелер жана уюмдар), жаштардын демилгечи топтору тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жүргүзүлөт.
12. Мурдагы сынактын лауреаттарын кайрадан сыйлыкка көрсөтүүгө болбойт. Бир эле талапкердин бир номинациядан көп сыйлыкка талапкер болуусуна жол берилбейт.
13. Сыйлыкка талапкерлерди көрсөтүү ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн номинациялар боюнча иштеген талапкердин өнөктөштөрүнөн, кесиптештеринен, жумушчу топтордон жана демилгечи топтордон сунуштама кат менен жүргүзүлөт жана өзүн-өзү көрсөткөн талапкер өзүн-өзү көрсөткөн талапкердин өнөктөшүнөн сунуштама катты берүү менен сынакка катыша алат.
14. Сынакка келип түшкөн чыгармалар, иштер жана материалдар, документтер жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан календардык жылдын 10-августуна чейинки мөөнөттө кабыл алынат жана Комиссия тарабынан каралат.
15. Документтерди каттоодо талапкерлер жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди электрондук форматта берүүгө тийиш:
1) "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу талапкердин сунуштама катын (ыйгарым укуктуу мекемелерден жана уюмдардан, жаштардын демилгечи топторунан);
2) талапкердин кыскача өмүр баянын;
3) акыркы үч жылдагы сыйлыктары жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн;
4) сынакка көрсөтүлгөн иштин кыскача (эки беттен ашпаган) аннотациясын;
5) паспорттун көчүрмөсүн.
Көркөм жана театралдык-декорациялык искусствонун чыгармаларынын түп нускалары Комиссиянын чечими расмий жарыялангандан кийин талапкерлерге кайтарылып берилет.
Сүрөтчүнүн спектаклге же кинофильмге ишин көрсөтүүдө ушул пунктта көрсөтүлгөн талаптардын тизмегинен тышкары декорациялардын жана костюмдардын фото жана видеоматериалдары берилет.
16. Сыйлыкты изденип алууга талапкердин сунуштама катына ыйгарым укуктуу мекемелердин жана уюмдардын, жаштардын демилгечи топторунун жетекчилери кол коёт жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт (болгон учурда). Бир уюм (демилгечи топ) тарабынан бир нече талапкер көрсөтүлгөндө ар бир талапкерге сунуштама кат жазылат.
17. Жамааттык топ көрсөтүлгөндө сунуштама каттар менен бирге ар бир талапкердин көрсөтүлгөн чыгарманы, ишти жана материалды жаратуусуна катышуусу тууралуу маалыматтар берилет.
18. Чыгармалар, иштер жана материалдар төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) адабияттын жарыяланган чыгармалары басмакана шрифти менен басылган төрттөн кем эмес нускада берилет;
2) журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы иштерди көрсөтүүдө - телепрограммалардын аннотациясы, ошондой эле жумуш учурларынын фото жана видеоматериалдарынын болушу;
3) музыкалык искусствонун чыгармалары - басылган клавир, партитура түрүндө (бир нускада) жана электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү жазуулар. Программалык музыкалык чыгарма үчүн анын программасын сунуштоого жол берилет;
4) вокалдык чыгармалар үчүн - текст, опералык жана балет чыгармалары үчүн - либретто (бир нускада), афиша жана программа. Музыкалык-аткаруучулук иштер боюнча аудио же видеоматериалдар берилет;
5) көркөм искусство чыгармалары - түп нускада, иштердин түп нускасы жок болгон учурда үч нускада фотосүрөттөр берилет. Живопись чыгармалары боюнча (көп фигуралуу композициялар боюнча) картиналардын же роспистердин фотосүрөттөрүнөн сырткары алардын фрагменттеринин фотосүрөттөрү берилет; скульптура чыгармалары боюнча - 5 ар кандай ракурста тартылган фотосүрөттөр. Фотосүрөттөрдүн саны, өлчөмү жана сапаты чыгарма жөнүндө жетишерлик толук түшүнүктү камсыздоого тийиш. Монументтик скульптура жана живопись жанрындагы иштерди көрсөтүүдө фото жана видеоматериалдар берилет;
6) шаар куруу, архитектура жана дизайн жаатындагы иштерди көрсөтүүдө - иш жөнүндө толук түшүнүк берүүчү долбоордун жана объекттин фотосүрөттөрү, ошондой эле видеоматериалдар;
7) театр, цирк искусствосу жаатындагы иштерди көрсөтүүдө - басып чыгарылган программа, спектаклдин афишасы, спектакль жөнүндө жетишерлик түшүнүктү камсыз кылуучу спектаклдин жана аткаруучулардын фотосүрөттөрү;
8) кино жана актёрдук искусство жаатындагы иштерди көрсөтүүдө - аннотация, кинонун башкы титрлеринин тексти, тартуунун жумуш учурларынын фотосүрөтү жана видеодиск;
9) илим, билим жана жаңы технологиялар жаатындагы иштерди көрсөтүүдө - жаңы жаратылган монографиялар, жаңы ойлоп табуулар (жасалма интелект), конструкциялардын фотоматериалдары жана алардын техникалык документтери, адистердин рецензиялары жана сунуштары, автордук укуктар жана илим, билим берүү жана жаңы технологиялар жаатындагы иштеп чыгууларды ишке киргизүү боюнча мекемелердин жана ишканалардын пикирлери;
10) экономика, бизнес жана меценаттык жаатындагы жетишкендиктер менен байланышкан иштерди жана материалдарды көрсөтүүдө - экономикалык жетишкендиктер, бизнес-иштер жана меценаттык жөнүндө маалыматтар, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр, меценаттык иштин натыйжаларын ырастоочу документтер;
11) спорт жаатындагы жетишкендиктер үчүн конкурсанттарды көрсөтүүдө - спорттук жетишкендиктер жөнүндө маалыматтар, дипломдордун көчүрмөлөрү, алган сыйлыктары жөнүндө күбөлүктөр, конкурсанттын ишинин натыйжалары жөнүндө пикирлер;
12) лидерлик позицияларды ээлеген жана жаштар саясатын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон конкурсанттарды көрсөтүүдө - конкурсанттын ишинин натыйжалары жөнүндө пикирлер, маалыматтык, аналитикалык, илимий материалдар, иштелип чыккан жана ишке киргизилген долбоорлор, программалар, жүргүзүлгөн иш-чаралар (акциялар, форумдар, семинарлар ж.б.у.с.).
3-глава. Комиссиянын иш тартиби жана жыйынтык чыгаруу
19. Комиссия эксперттик-кеңешүүчү орган болуп саналат жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле эмгек сиңирген ишмерлердин, ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн жааттардагы көз карандысыз эксперттердин ичинен түзүлөт.
20. Комиссиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен бекитилет.
21. Комиссия өзүнүн функцияларын коомдук башталышта жүргүзөт.
22. Комиссия Комиссиянын төрагасынан, төрагасынын орун басарынан, катчысынан жана мүчөлөрүнөн турат. Комиссиянын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары саналат.
23. Комиссиянын төрагасы төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) Комиссиянын ишине жалпы жетекчиликти камсыз кылат;
2) Комиссиянын жыйналышын өткөрүү датасын жана убактысын дайындайт;
3) Комиссиянын жыйналышын алып барат;
4) Комиссиянын жыйналышынын протоколуна кол коёт.
24. Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын милдеттерин Комиссиянын төрагасынын орун басары - жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси аткарат.
25. Комиссиянын катчысы төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Комиссиянын жыйналыштарын даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан уюштуруу иш-чараларын жүргүзөт (күн тартибинин долбоорлорун жана жыйналыштын катышуучуларынын тизмесин түзүү, Комиссиянын мүчөлөрүнө жыйналыш өткөрүлүүчү убакыт жана жер жөнүндө маалымдоо);
2) Комиссиянын жыйналышынын протоколун жүргүзөт.
26. Эгерде жыйналышка Комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, Комиссиянын чечими укуктуу болуп саналат.
27. Комиссиянын чечими Комиссия жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добушу тең болгон учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын чечими акыркы болуп эсептелет жана кайра каралууга тийиш эмес.
28. Комиссиянын мүчөсү жүйөлүү себептер боюнча Комиссиянын жыйналышына катыша албаган учурда өз пикирин кат жүзүндө билдирүүгө укуктуу.
29. Комиссия ар бир номинация боюнча эксперттерди тартуу менен жумушчу топторду түзүүгө укуктуу.
30. Сыйлыкты изденип алууга чыгармалары, иши жана материалдары көрсөтүлгөн Комиссиянын мүчөсү Комиссиянын ишине катышпайт. Комиссиянын курамында сыйлыкты изденип алууга талапкердин жакын туугандары болгон учурда Комиссиянын аталган мүчөсү Комиссиянын ишине катышпайт.
31. Комиссия көрсөтүлгөн номинациялардын чегинде талапкерлердин курамын жана санын өз алдынча аныктоого укуктуу.
32. Комиссия талапкерлердин берилген чыгармаларын, иштерин жана материалдарын жумушчу топтордун корутундуларынын негизинде ар тараптан изилдейт жана талкуулайт жана иштерди кабыл алуу аяктаган учурдан тартып үч айлык мөөнөттөн кечиктирбей талапкерлерге сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
33. Комиссиянын жыйынтыктоочу жыйыны жабык режимде өткөрүлөт, чечим жашыруун добуш берүү жолу менен кабыл алынат жана протоколдонот. Комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен бекитилет.
34. Комиссия жашыруун добуш берүү аркылуу тандоодон өтпөй калган катышуучулардын ичинен ар бир номинация боюнча бир гана дипломантты тандайт. Дипломанттарга "Ч.Т.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты" диплому жана атайын кызыктыруучу байге тапшырылат. Дипломант болгон талапкер кийинки сынакка катышууга укуктуу.
35. Комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо, ошондой эле сыйлыкты салтанаттуу түрдө тапшыруу менен байланышкан уюштуруу иш-чаралары жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
36. Жыйынтыктар расмий жарыяланганга чейин Комиссиянын мүчөлөрүнө кабыл алынган чечимдер же көрсөтүлгөн талапкерлерди талкуулоо процесси жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
37. Комиссиянын ишинин жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Комиссиянын чечими бекитилгенден кийин жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.