Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2024-жылдын 27-ноябры №1-10-1
« Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин (Ⅹ чакырылышынын) төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесинин 1-пунктунун жана 41-беренесинин негизинде, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин (Х чакырылышынын) депутаттарынын ичинен шайланган, эсептөө комиссиясынын жыйынтыгын угуп жана депутаттардын көпчүлүк добуштан кабыл алуусу менен шаардык Кеңештин Х чакырылышынын I кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесинин 1-пунктунун негизинде, шаардык Кеңештин депутаттарынын ичинен жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен шаардык Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө Майлуу-Суу шаардык Кеңештин төрагасы болуп Атамырзаев Данияр Акпаралыевич шайланды деп эсептелсин.
Шаардык Кеңештин төрагасы: |
Д.Атамырзаев |