Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IX чакырылышынын I уюштуруу сессиясынын
2024-жылдын 29-ноябры №1/1
« Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө».
Эсептөө комиссиясынын 29.11.2024ж. №2 протоколун жана эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021 жылдын 20 октябрьндагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022 жылдын 14 мартындагы № 56-буйругу менен бекитилген типтуу регламентин жетекчиликке алуу менен
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Эсептөө комиссиясынын шаардык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024 жылдын 29 ноябрындагы №2 протоколу бекитилсин.
2. Исмаилов Болотбек Маметмусаевич шаардык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жаңы шайланган төрага Исмаилов Болотбек Маметмусаевичке жүктөлсүн.
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин төрагалык кылычуу: |
К.Усенов |