Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IX чакырылышынын I уюштуруу сессиясынын
2024-жылдын 29-ноябры №1/3
« Көк-Жаңгак шаар аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө ».
Элдик Курултай жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024 жылдын 20 сентябрндагы №271 жарлыгынын негизинде Көк-Жаңгак шаар аймагынын жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссияларын түзүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңештин IX чакырылыштагы кезектеги I-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Жаңгак шаар аймагынын жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024 жылдын 07 декабрь күнү саат 10-00до Көк-Жаңгак шаарында маданият сарайында өткөрүлсүн.
2. Көк-Жаңгак шаар аймагынын жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйынынын жалпы саны 100 (жүз) адам деп бекитилсин жана кварталдарга төмөндөгүдөй ирээтте көрсөтүлсүн:
Спутник кварталы – 10 (он) адам;
Көлмө кварталы – 10 (он) адам;
Эски Көк-Жаңгак кварталы – 10 (он) адам;
Центр кварталы – 10 (он) адам;
40 кварталы – 10 (он) адам;
Зона квараталы - 10 (он) адам;
23 кварталы - 10 (он) адам;
23/2 кварталы – 10(он) адам;
Черемушка кварталы – 10 (он) адам;
Раззаков кварталы – 10 (он) адам.
3. Ар бир кварталдын бөлүктөрүндө жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү графиги 04.12.2024 жылдан 05.12.2024 жылга чейин деп белгиленсин.
4. Ар бир кварталдын жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттардын тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин:
Спутник кварталы – Кожобекова Гулшаир Кадырбековна;
Көлмө кварталы – Чомоев Кылычбек Токторбекович;
Эски Көк-Жаңгак кварталы – Эргешов Арапбай Эсентаевич;
Центр кварталы – Базарбаев Улан Базарбаевич;
40 кварталы – Байдавлетов Заирбек Максатбекович;
Зона кварталы – Маатова Тиллаим Асанбаевна;
23 кварталы- Усенов К.адыржан Атабекович;
23/2 кварталы – Макашев Шерекбай Токоевич;
Черемушка кварталы – Бакиров Мелис Темурович;
Раззаков кварталы – Омошев Раимбек Турганбаевич.
5. Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 7 (жети) адамдан түзүлүп жана төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:
Исмаилов Болотбек Маметмусаевич- жумушчу топтун төрагасы, шаардык кеңештин төрагасы;
Карабаева Уруятхан Калиловна - жумушчу топтун катчысы, шаардык кеңештин жооптуу катчысы;
Камбаров Жакып Таджибаевич - жумушчу топтун мүчөсү, шаардык мэриянын башкы адиси;
Мамашов Алмазбек Абдыкалилович - жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин эл депутаты;
Саматова Айнура Сулаймановна - жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин эл депутаты;
Эргешов Арапбай Эсентаевич - жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин эл депутаты;
Мурзаканова Миргул Исмаиловна- жумушчу топтун мүчөсү, шаардык мэриянын башкы адиси.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.
7. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин төрагасы: |
Б.Исмаилов |