Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-ноябры № 688
Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасынын II этабын райондук пландоонун башкы схемасын бекитүү жөнүндө
"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасынын II этабын райондук пландоонун башкы схемасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасынын II этабын райондук пландоонун башкы схемасына техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр менен түшүндүрмө катты бекитүү боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларынын мэриялары архитектуралык-курулуш ишин жүргүзүүдө Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасынын II этабын райондук пландоонун башкы схемасын жетекчиликке алсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 90 (3644) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |