Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VIII сессиясынын
2024-жылдын 9-сентябры №33
« Абды Суеркулов айыл аймагында обьектилерди муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндөгү” 2002-жылдын 15-мартындагы № 37-Мыйзамына, аталган Мыйзамдын 5-беренесинин 3-абзацына, 9-берененин 3-пунктуна ылайык Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын Бишкек-Ош жолунун жээгинде Мырзабек көчөсү №15 дарегинде жайгашкан “соода комплекси” обьектисин муниципалдык менчике кабыл алуу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VIII сессиясы токтом кылат:
1. Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын Бишкек-Ош жолунун жээгинде Мырзабек көчөсү №15 дарегинде жайгашкан соода комплекси төмөнкү коддору, аянттары жана баланстык баасы менен Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын:
- № 3-07-07-1001-1613 коду менен 531,9кв.м жер аянты, 183027сом баланстык баасы менен,
- № 3-07-07-1001-1612 коду менен 973,75кв.м жер аянты, 335067сом баланстык баасы менен
- № 3-07-07-1001-1611 коду менен 837,20кв.м имарат жер аянты, 3636707сом баланстык баасы менен жалпы 2342,85 кв.м жер аянттагы имаратты 4154801 сомдук баланстык баасы менен Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Бул “соода комплекси” обьектиси Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестрине киргизилсин жана пайдалануусу муниципалдык менчикти башкаруу Жобосуна ылайыкташтырылып бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: |
И.Өмүрбеков |