Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 18-ноябры № 181
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусу (мындан ары - "Санариптик көчмөн" статусу) - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө жана башка чектеш чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн чет мамлекеттин жаранынын - адисинин жүргөн жери боюнча каттоосуз жана эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн уруксат берүүчү документтерсиз Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө/жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү укуктук статусу.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 26-1-статья менен толукталсын:
"26-1-статья. "Санариптик көчмөн" статусу
"Санариптик көчмөн" статусун алууга мүмкүнчүлүгү бар чет өлкөлүк жарандардын категориясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.
"Санариптик көчмөн" статусунун ээсинин укуктары жана милдеттери, ошондой эле "Санариптик көчмөн" статусун ыйгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.
"Санариптик көчмөн" статусун алууга төмөнкүдөй адамдар өтүнүч бере алышпайт:
- тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыш жасагандар;
- мамлекеттер аралык, улуттар аралык жана диний кастыкты козутууга багытталган аракеттерди жасагандар;
- Кыргыз Республикасынын эгемендигине жана көз карандысыздыгына каршы чыккандар, анын аймагынын биримдигин жана бүтүндүгүн бузууга чакыргандар;
- инсанга, мамлекеттик бийликке, коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке каршы кылмыштар, ошондой эле менчикке жана экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартибине каршы кылмыштар үчүн соттолгондор.
"Санариптик көчмөн" статусунун ээсинин жана анын жакын туугандарынын (жубайы, жашы жете элек балдары, анын багуусундагы жана көзөмөлүндөгү башка адамдар) Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
2-берене.
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
3-статьянын экинчи бөлүгүндө:
а) биринчи абзацта "чет өлкөлүк жарандарга жана" деген сөздөр "чет өлкөлүк жарандарга жана (же)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы "л" пункту менен толукталсын:
"л) "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун алган чет өлкөлүк жарандарга.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 90 (3644) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тогуз айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|