КИЧИ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
КИЧИ-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 18-апрелиндеги № 6/1
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чуй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргыз мамжер долбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кичи-Кемин айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Кичи-Кемин айылдык Кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Кичи-Кемин айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Кичи-Кемин айылдык Кеңешинин төрагасына жана Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага колкоюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кемин районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
| Э.У.Орозбаков |
|
|
|