Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VIII сессиясынын
2024-жылдын 9-сентябры №34
« Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын Бишкек-Ош жолунун жээгинде Мырзабек көчөсү №15 дарегинде жайгашкан “соода комплекси” обьектисин пайдаланууга берүү жөнүндө ».
Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндөгү” 2002-жылдын 15-мартындагы № 37-Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругунун Типтүү Жобосуна ылайык Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын Бишкек-Ош жолунун жээгинде Мырзабек көчөсү №15 дарегинде жайгашкан “соода комплекси” обьектисин пайдаланууга берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VIII сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндөгү” 2002-жылдын 15-мартындагы № 37-Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругунун Типтүү Жобосуна ылайык, Типтүү Жобонун 8-глава 72-беренесине, 73-беренесинин 2-абзацынын негизинде Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Торкен айылынын Бишкек-Ош жолунун жээгинде Мырзабек көчөсү №15 дарегинде жайгашкан “соода комплекси” обьектисин, жалпы 2342,85 кв.м жер аянттагы имаратты түз берүү жолу менен социалдык багытта иш алып баруу максатында Торкен айылынын тургуну Конурбаев Тилек Сайракматовичке ижара берилсин.
2. “Соода комплекси” обьектисин пайдаланууга берүүдө Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жөнүндөгү” 2002-жылдын 15-мартындагы № 37-Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругунун Типтүү Жобосуна ылайык ишти алып баруусу Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул “соода комплекси” обьектиси Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестрине киргизилсин жана муниципалдык менчикти башкаруу Жобосуна ылайыкташтырылып бекитилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: |
И.Өмүрбеков |