Редакцияот 16.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы

 

2024-жылдын 16-октябры № 151

 

 

Кадамжай шаардык кеңешинин 2023-жылдын 3-октябрындагы IV чакырылыш XXXIII сессиясынын№ 150 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

 

          Кадамжай шаардык кеңеши Кыргыз Республикачынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине ылайык

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

2023-жылдын 3-октябрында кабыл алынган № 150 токтомуна төмөнкүчө өзгөртүүлөр киргизилсин: 

            

1.    Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө.             

       КРнын “Элдик Курултай жөнүндө” Конституциялык Мыйзамынын, КРнын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү  жөнүндө” Жарлыгынын, уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы №1 чечими менен бекитилген түшүндүрмөсүнүн негизинде жана КРнын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 61-беренесине ылайык, Кадамжай шаардык кеңеши.

 

2. 2023-жылдын 3-октябрында кабыл алынган № 150 токтомуна 5-пункт киргизилсин:

       Кадамжай шаардык мэриясы Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар өткөрүлө турган күн, убакыт жана жай жөнүндө расмий сайттар, массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар жана башка маалымат булактары аркылуу жергиликтүү жашоочуларга кабарлоо жагы менен кошо жыйындар жана чогулуштар өтүүчү жайларды тиешелүү техникалык жабдыктар менен камсыздоосу милденттендирилсин.

 

3.     2023-жылдын 3-октябрында кабыл алынган № 150 токтомдун бешинчи пункту алтынчы пункт болуп окулсун.

 

 

Тѳрага:

А.Абдыразаков