Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VIII сессиясынын
2024-жылдын 9-сентябры №36
« Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Сары-Сөгөт айылындагы ашар жолу менен курулган ФАПка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 22.08.2024-жылдагы №17-тескемеси менен резервдик фондунан берилген 200000сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин тиешелүү беренесине бөлүштүрүү жөнүндө».
Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Сары-Сөгөт айылындагы ашар жолу менен курулган ФАПка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 22.08.2024-жылдагы №17-тескемеси менен резервдик фондунан берилген 200000сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин тиешелүү беренесине бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VIII сессиясы токтом кылат:
1. Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Сары-Сөгөт айылындагы ашар жолу менен курулган ФАПка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 22.08.2024-жылдагы №17-тескемеси менен резервдик фондунан берилген 200000сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин аппараттын, атайын эсебинин 2222 беренесине бөлүштүрүлсүн.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: |
И.Өмүрбеков |