Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VIII сессиясынын
2024-жылдын 9-сентябры №37
« Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин айрым беренелерин жылдыруу жана бөлүштүрүү жөнүндө».
Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин айрым беренелерин жылдыруу жана бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VIII сессиясы токтом кылат:
1. Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин айрым беренелери төмөндөгү беренелерге жылдырылсын:
-Соцкамсыздандыруунун 2721 беренесиндеги көмүр сатып алууга бөлүнгөн 64900сом 2224-беренесине көмүр сатып алууга;
-Бала бакчанын 2218 беренесиндеги азык-түлүкө бөлүнгөн 700000сом аппараттын 3112 беренесине Лэд-экран сатып алууга;
-Аппараттын электр энергиясына 2222 беренесине АСКУЭ сатып алууга бөлүнгөн 40000сом аппараттын 2231 беренесине АСКУЭ сатып алууга;
-Кара-Жыгач клубунун короолоодон калган 2214 беренесиндеги 27700сом клубдун 2222 беренесине трибуна жана башка клубка керектуу каражаттарды сатып алууга:
2. Абды Суеркулов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин ижарадан 840000сом ашыкча түшкөн акча каражаттары төмөндөгү беренелерге бөлүштүрүлсүн:
-Яма Беккери курууга 100000сом аппараттын 2222 беренесине;
-Ы.Алымбеков мектебине 3сааттык бала бакчаны короологонго 50000сом мектептин 2222 беренесине;
-Т.Ашыралиев мектебине 20000сом электр энергиясына мектептин 2222 беренесине
-Шамшыкал жана Сезим келечеги балдар бакчаларына кошумча орун даярдоого 300000сом бала бакчанын 2222 беренесине;
-Өзгөчө кырдаалга 100000сом 2215 беренесине
-Күтүлбөгөн чыгымга 200000сом аппараттын 2214 беренесине 50000сом, аппараттын 2222 беренесине 150000сом;
-Торкен таза суу станциясына 30000сом аппараттын 2222 беренесине;
-Сары-Сөгөт айылындагы лэд-экранды ондоого 40000сом, аппараттын 2215 беренесине;
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: |
И.Өмүрбеков |