Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 22-ноябры № 187
2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы - 1-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Атайын операциялар) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы - 1-чакан программа) ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу (Кадимки операциялар [жеңилдетилген]) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы - 1-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу (Атайын операциялар) (Туруктуу финансылык башкарууну жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу программасы - 1-чакан программа) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 13-ноябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |