Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-ноябрындагы № 349-Б
Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун Реестрин бекитүү жөнүндө
“Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторунун реестри тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалпы мамлекеттик маанидеги кендерди конкурска коюу жаратылышты коргоо мыйзамдарынын ченемдерине ылайык жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геологиялык кызматы жана басма сɵз катчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн.
4. Жер казынасын пайдалануу саясаты башкармалыгы “Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторунун Реестрин бекитүү жөнүндө” буйрукту мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Документтик камсыздоо бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геологиялык кызматына жеткирилишин камсыздасын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геологиялык кызматынын директору Н.М. Сатыбалдиевге жүктөлсүн.
Министр |
| М.А. Машиев |
|
|
|