Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясынын
2024-жылдын 5-августу №19
« “Абды Суеркулов айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин Жобосун бекитүү жөнүндө ».
Абды Суеркулов айыл аймагынын “Абды Суеркулов айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин Жобосун бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VI сессиясы токтом кылат:
1. Абды Суеркулов айыл аймагынын “Абды Суеркулов айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин Жобосу 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: |
И.Өмүрбеков |
| Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясынын 2024- жылдын 5-августундагы №19- токтомуна 2-тиркеме |
“Абды Суеркулов айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин ЖОБОСУ
1. Жалпы жоболор
1.1. “Абды Суеркулов айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемеси (мындан ары Абды Суеркулов айыл өкмөтү) райондун аймагында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын кодекстеринин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ченемдик укуктук актыларынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын жана ушул жобого ылайык иш алып барат.
1.2. Айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп саналат.
1.3. Бириккен айыл аймактарынын айыл өкмөтү анын курамына кирген айыл өкмөттөрүнүн укук мурастоочулары болуп саналат, юридикалык жактын статусуна ээ жана алар уюшулган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелет.
1.4. Айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын чечимдерин, жергиликтүү кеңештин токтомдорун, ошондой эле ушул жобо түзөт.
1.5. Абды Суеркулов айыл өкмөтү юридикалык статуска ээ, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби чөгөрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилинде жазылган тегерек мөөрү, Кыргыз Республикасынын банктарында бет эсеби (расчеттук валюталык) өз алдынча мүлк каражат балансасы болот. Айыл өкмөтү республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат. Айыл өкмөтүнүн толук фирмалык аталышы: - Мамлекеттик тилде: “Абды Суеркулов айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси; - Расмий тилде: Учреждение “Айыл окмоту Абды Суеркуловкого айылного аймака”.
1.6. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облосу, Токтогул району, Торкент айылы, Айдаралы көчөсү №48
2. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
2.1. Реформа жүргүзүлүп жаткан региондордо “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана башка мыйзам актыларында аныкталган маселелерден тышкары айыл өкмөтүнүн негизги милдеттерине төмөнкү маселелер кирет:
1) Тиешелүү аймакта жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында аныкталган милдеттерди өз компетенциясынын чегинде аткарууну камсыз кылуу;
2) Жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү кошумча ыйгарым укуктар (мамлекетгик жайыт жерлерин башкаруу жана тескөө, ички чарбалык ирригациялык системаларды пайдалануу, сууну күтүү жана келишимдик шарттарда сугат жерлерине ээлик кылган жана пайдаланган жактарга бөлүштүрүү) көрсөтүлгөн чөйрөлөр боюнча ыйгарым укуктуу мамлекетгик орган тарабынан аныкталган саясаттын негизинде мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүлүп берилген учурда алардын аткарылышын камсыз кылуу;
3) калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. 2.2. Реформа жүргүзүлүп жаткан региондордо “Жергиликтүү мамлекетгик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасыньш башка мыйзамдарында аныкталгандардан тышкары айыл өкмөтүнүн негизги функцияларына кошумча төмөнкүлөр кирет:
1) муниципалдык менчикте турган мүлктү башкаруу жана тескөө, айыл аймактарынын муниципалдык менчигинде турган мүлктүн реестрин жүргүзүү;
2) айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында чакан жана орто ишкердиктин субьектилерин колдоо, тышкы жана ички инвестицияларды тартуу;
3) мамлекеттик жайыт жерлеринин инфраструктурасын пайдалануу жана күтүү боюнча иштерди жүргүзүү;
4) ички чарбалык ирригациялык системаларды пайдалануу, күтүү жана келишимдик шарттарда сугат жерлерине ээлик кылган жана пайдаланган жактарга суу бөлүштүрүүнүн Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин ченемдерине ылайык жүргүзүү;
5) айыл аймактарындагы калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгуу;
6) жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү кызматтарды жеткиликтүү жана сапаттуу уюштуруу боюнча чараларды көрүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
7) өз ишин жүзөгө ашырууда адам ресурстарын башкаруу боюнча маалыматтык (автоматташтырылган) системаны пайдалануу;
8) иш кагаздарын жүргүзүүнүн “Инфодокс” электрондук документтештирүү системасы аркылуу камсыз кылуу;
9) “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин негизги багыттарын жүзөгө ашыруу жана “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук байланыш системасы аркылуу мамлекеттик органдарга, башка юридикалык жана жеке жактарга маалымат берүү;
10) жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн, ошондой эле менчигинин турунө карабастан тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын эмгектик, финансылык, техникалык жана башка ресурстарын жергиликтуу маанидеги маселелерди жана башка маанилүү маселелерди чечүүгө тартуу;
11) жергиликтүү маанидеги маселелерди жана аймактагы башка маанилүү маселелерди чечүүдө, анын ичинде ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруу уюмдары, жергиликтүү коомдоштуктардын коомдук уюмдары жана башка коммерциялык эмес уюмдар менен өнөктөштүктө иш жүргүзүү;
12) бириктирилген айыл аймактарында жергиликтүү коомдоштуктардын коомдук уюмдарынын, комиссияларынын ишин уюштурууга көмөктөшүү;
13) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин алкагында укук бузуулар жөнүндө, укук бузуулар, аксакалдар соту жөнүндө иштерди караштырган комиссиялардын ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык уюштуруу; 14) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн зарылдыгына жараша муниципалдык жеке өнөктөштүк долбоорлорун издөө, демилгелөө. муниципалдык жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды түзүү жана аларды ишке ашырууну камсыз кылуу.
2.3. Реформа жүргүзүлүп жаткан региондордо айыл өкмөтүнүн штаттык саны, штаттык расписаниеси жана түзүмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген айыл өкмөтүнүн штаттык санынын, штаттык расписаниесинин жана түзүмүнүн негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы
3.1. Реформа жүргүзүлүп жаткан региондордо айыл өкмөтүнүн башчысы, ушул пункттун экинчи абзацынын ченемин кошпогондо, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52, 53-беренелеринде аныкталган талаптардын жана тартиптин негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
3.2. “Жергиликтүү мамлекетгик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ыйгарым укуктарынан тышкары айыл өкмөтүнүн башчысы:
1) муниципалдык ишканалардын жетекчилерин, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен каржыланган, маданият үйлөрүн, китепканаларды, музейлерди, спорт комплекстерин тейлеген мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
2) бириктирилген айыл аймактарынын административдик борборлорунан алыс жайгашкан айылдарда муниципалдык аймактык башкаруу түзүмүн түзүүгө укуктуу;
3) айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо програ ммаларын, инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен келишимдин негизинде тиешелүү адистерди тартууга укуктуу;
4) мамлекетгик органдар жана башка мекемелер, уюмдар менен жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыгында анын өкүлү катары өз ара аракеттенет.
4. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары
4.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, кеңештин чечимдерин сактоону жана аткарууну уюштурат;
2) айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооп берет;
3) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун иштеп жаткан программаларынын жолун жолдоочулугун камсыз кылат же кызматка киришкен учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана айылдык кеңешке бекитүүгө берет;
4) айылдык кеңешке жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, айылдык аймактагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджетти аткаруу жана муниципалдык менчикти пайдалануу, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү, консультациялыкукуктук жардам көрсөтүү жана калкты социалдык коргоо программаларын аткаруу жөнүндө жарым жылда бир жолу кеңештин алдында отчет берет;
5) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн акимдин алдында жеке жооп берет;
6) мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча айылдык кеңешке сунуштарды киргизет;
7) мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аларды кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселе коюуга укуктуу;
8) мыйзамдарга ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот; 9) айылдык кеңештин карамагына кирген маселелерди кошпогондо, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
10) айылдык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизет, анын ишине катышат;
11) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Айыл ѳкмѳт башчысынын жоопкерчилиги
5.1 Айыл өкмөт башчысы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган, ага жүктөлгөн кызматтык милдеттер аткарылбагандыгы же анын айынан жеткиликсиз аткарылгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жазага тартылат:
1) муниципалдык органдын иштөө регламентин, ички эмгек тартибинин эрежелерин, өрт коопсуздугу жана эмгекти коргоо эрежелерин сактабагандыгы үчүн;
2) мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды, ошондой эле ага кызматтык милдеттерди аткаруу аркылуу белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн;
3) жарандардын, юридикалык жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна алып келген иштер жана аракетсиздиги үчүн;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактабагандыгы үчүн;
5) жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогору турган кызмат адамдардын тапшырмаларын, буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында аткарбагандыгы жана сапатсыз аткаргандыгы үчүн;
6) жарандардын жана коомдук бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын кайрылууларын өзүнүн кызматтык милдеттеринин чегинде өз убагында карабагандыгы үчүн.
7) Айыл өкмөт башчысы ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы же тиешелүү эмес түрдө аткаргандыгы үчүн (кызматтык жосун) Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актылары менен каралган төмөнкүдөй дисциплинардык жазаларын берүүгө укуктуу: эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш, кызматына толук ылайык келбегендиги тууралуу эскертүү, кызматтан бошотуу.
6. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы
6.1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалат.
6.2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары ал жок учурда аны алмаштырат жана айыл өкмөтүнүн башчысы жүктөгөн милдеттерди аткарат. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.
6.3. Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө жоболор бирдей өлчөмдө анын орун басарына да колдонулат.
6.4. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын кызмат ордунан бошотуу администрациялык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчылар үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жүзөгө ашырылат.
6.5. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары өзү аткаруучу функциялар үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын алдында жооп берет.
7. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басар-жооптуу катчынын укуктары
7.1. Айыл өкмөт башчысынын орун басары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ээлеген муниципалдык кызмат орду боюнча өзүнүн укуктары жана милдеттери көрсөтүлгөн документтер менен таанышууга;
2) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон уюштуруучулук-техникалык шарттар менен камсыз болууга;
3) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга белгиленген тартипте барууга;
4) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон, ошондой эле муниципалдык органдын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте алууга;
5) өздүк ишиндеги бардык материалдар, кесиптик иши жөнүндө мүнөздөмөлөр жана анын өздүк ишине киргизгенге чейинки башка документтер менен таанышууга, ошондой эле анын кат жүзүндө берилген түшүнүктөрүн өздүк ишине кошуп коюуга;
6) жетекчинин ооз эки жүзүндөгү буйругунун мыйзамдуулугуна шектенүү пайда болгон учурда бул буйрукту кат жүзүндө ырастоону талап кылууга;
7) муниципалдык кызмат менен байланышкан талаш-тартыштарды чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну башчысына же сотко кайрылууга;
8) коопсуз эмгек шартын камсыз кылууну талап кылууга;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз каалоосу боюнча бошонууга.
8. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчынын жоопкерчилиги
8.1. Айыл өкмөт башчысынын орун басары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган, ага жүктөлгөн кызматтык милдеттер аткарылбагандыгы же анын айынан жеткиликсиз аткарылгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жазага тартылат:
1) муниципалдык органдын иштөө регламентин, ички эмгек тартибинин эрежелерин, өрт коопсуздугу жана эмгекти коргоо эрежелерин сактабагандыгы үчүн;
2) мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды, ошондой эле ага кызматтык милдеттерди аткаруу аркылуу белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн;
3) жарандардын, юридикалык жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна алып келген иштер жана аракетсиздиги үчүн;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактабагандыгы үчүн;
5) жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогору турган кызмат адамдардын тапшырмаларын, буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында аткарбагандыгы жана сапатсыз аткаргандыгы үчүн;
6) жарандардын жана коомдук бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын кайрылууларын өзүнүн кызматтык милдеттеринин чегинде өз убагында карабагандыгы үчүн.
7) Айыл өкмөт башчысынын орун басары ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы же тиешелүү эмес түрдө аткаргандыгы үчүн (кызматтык жосун) Кыргыз Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актылары менен каралган төмөнкүдөй дисциплинардык жазаларын берүүгө укуктуу: эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш, кызматына толук ылайык келбегендиги тууралуу эскертүү, кызматтан бошотуу.
9. Айыл башчы (айылдын старостасы)
9.1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими боюнча айыл аймагында өзүнчө жайгашкан айылдардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысынын (айылдын старостасынын) кызмат орду киргизилиши мүмкүн.
9.2. Айыл башчынын укуктары менен жоопкерчиликтери Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган тартипте жүргүзүлөт.
10. Айыл башчынын укуктары
10.1 Айыл башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ээлеген муниципалдык кызмат орду боюнча өзүнүн укуктары жана милдеттери көрсөтүлгөн документтер менен таанышууга;
2) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга белгиленген тартипте барууга;
3) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон, ошондой эле муниципалдык органдын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте алууга;
4) өздүк ишиндеги бардык материалдар, кесиптик иши жөнүндө мүнөздөмөлөр жана анын өздүк ишине киргизгенге чейинки башка документтер менен таанышууга, ошондой эле анын кат жүзүндө берилген түшүнүктөрүн өздүк ишине кошуп коюуга;
5) жетекчинин ооз эки жүзүндөгү буйругунун мыйзамдуулугуна шектенүү пайда болгон учурда бул буйрукту кат жүзүндө ырастоону талап кылууга;
6) муниципалдык кызмат менен байланышкан талаш-тартыштарды чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкарууну башчысына же сотко кайрылууга;
7) коопсуз эмгек шартын камсыз кылууну талап кылууга;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз каалоосу боюнча бошонууга.
10.2. Айыл башчынын жана башка укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган тартипте жүргүзүлөт.
11. Айыл башчынын жоопкерчилиги
11.1 Айыл башчы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган, ага жүктөлгөн кызматтык милдеттер аткарылбагандыгы же анын айынан жеткиликсиз аткарылгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жазага тартылат:
1) Муниципалдык органдын иштөө регламентин, ички эмгек тартибинин эрежелерин, өрт коопсуздугу жана эмгекти коргоо эрежелерин сактабагандыгы үчүн;
2) мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды, ошондой эле ага кызматтык милдеттерди аткаруу аркылуу белгилүү болгон маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн;
3) жарандардын, юридикалык жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна алып келген иштер жана аракетсиздиги үчүн;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген муниципалдык кызмат менен байланышкан чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактабагандыгы үчүн;
5) жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогору турган кызмат адамдардын тапшырмаларын, буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында аткарбагандыгы жана сапатсыз аткаргандыгы үчүн;
6) жарандардын жана коомдук бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын кайрылууларын өзүнүн кызматтык милдеттеринин чегинде өз убагында карабагандыгы үчүн.
11.2. Айыл башчынын жана башка жоопкерчиликтери Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган тартипте жүргүзүлөт.
12. Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негиздери
12.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык негизин мыйзамдарда жергиликтүү бюджеттерге бекитилген кирешелердин салыктык жана салыктык эмес булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, ссудалар жана башка финансылык ресурстар түзөт.
12.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагына өткөрүп берилген жана жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуп жаткан жерлер, жарандык укуктун башка объекттери, ошондой эле тиешелүү аймакта ишин жүзөгө ашырып жаткан ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
12.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү жана аткаруу тартиби жана принциптери мыйзамдар менен жөнгө салынат.
13. Жобого өзгөрүүлөрдү киргизүү тартиби Ушул жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле аны жаңы редакцияда бекитүү Кыргызыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
14. Корутунду жоболор
13.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бириктирилген айыл аймагынын курамына кирген айыл өкмөтүнүн балансында турган мүлк жана каражатгар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жаңы түзүлгөн айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилет.
13.2. Бириктирүүнүн натыйжасында муниципалдык кызматчыларды бошотуу жолжобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
13.3. Айыл өкмөтүн кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
13.4. Жоюлган айыл өкмөттөрүнүн мүлкү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекетке өткөрүлүп берилет, ал эми документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
“Абды Суеркулов айыл аймагынын айыл өкмөтү”
мекемесинин башчысы ________________ Ө.Э.Жаманкулов