ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги V сессиясынын отурумунун
2021-жылдын 7-октябры № 5/1
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2021-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 23-сентябрындагы отурумунун №3 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2021-жылдын 6 айындагы киреше бөлүгүнүн 56235,4 миң сомго, чыгаша бөлүгүнүн 48351,7 миң сомго аткарылгандыгы эске алынсын.
2. Бюджеттин киреше бөлүгүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча иш жүргүзүү Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго тапшырылсын.
3. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2021-жылдын 6 айындагы кирешелер планына 3398,6 миң сомго тактоо киргени: анын ичинен бюджеттик каражаттар планына 3800,0 миң сом, республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар планына 98,6 миң сом кошулгандыгы жана атайын каражаттар планынан 500,0 миң сом кыскартылганы эске алынсын.
4. Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2021-жылдын 6 айындагы атайын каражаттарынын чыгашалар планынан 500,0 миң сом кыскартууга макулдук берилсин.
5. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметасына өзгөртүү киргизүү жана кирешелер планын Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен тактоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Өзгөн финансы башкармалыгынан суралсын, бюджеттин каражаттарын максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана финансы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |