Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 20-ноябры № 744-т
2025-жылдын жайкы сезонуна карата Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду автомобиль жолунун курулушун өз убагында аяктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 508-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- жаңы техникалык чечимдерди жана участок боюнча бааларды колдонуу менен подрядчыны тандоо боюнча тиешелүү жол-жоболорду жүргүзүү аркылуу "Лонг Хай" Циндао жолдор жана көпүрөлөр корпорациясы жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү менен подряд келишиминен Чолпон-Ата шаарынын аймагы боюнча өтүүчү 77,5тен 81,3 километрге чейинки Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду автомобиль жолунун бөлүгүн чыгарсын.".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |