Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 21-ноябры № 184
2024-жылдын 23-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын, Эл аралык финансы корпорациясынын жана Инвестициялардын кепилдиги боюнча көп тараптуу агенттиктин ортосундагы Кыргыз Республикасында өкүлчүлүктөрдү уюштуруу жана алардын иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2024-жылдын 23-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын/Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын, Эл аралык финансы корпорациясынын жана Инвестициялардын кепилдиги боюнча көп тараптуу агенттиктин ортосундагы Кыргыз Республикасында өкүлчүлүктөрдү уюштуруу жана алардын иши жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Дүйнөлүк банк тобуна кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 91 (3645) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти
| С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 23-октябрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |