Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-октябры № 5/3
Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жүргүзүлүп жаткан иштер
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртууда жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндөгү комиссиянын маалыматы эске алынсын.
2. Комиссиянын сунушунун негизинде аткарылган жумуштар боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү Н.Азнабакиев атындагы балдардын эс алуу багынын директору Х. Курбановго милдеттендирилсин.
3. Бактын жалпы инфраструктурасын жакшыртуу боюнча атайын иш-чара иштеп чыгып, аткарылган иштер боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү жагы Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |