Редакцияот 26.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМ

 

Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XХ сессиясы

 

2023-жылдын 26-июну № 1

Могол айыл аймагынын Чарбак айылын таза суу менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүүсүнүн тарифин бекитүү жөнүндө

 

         Могол айыл аймагынын Чарбак айылын таза суу менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүүсүн ишке ашыруу үчүн тарифтин божомолу жөнүндө Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  XX сессиясы токтом кылат:

 

1. Могол айыл аймагынын Чарбак айылынын калкын таза суу менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүүсүн ишке ашыруу үчүн бир айда ар бир абонентке 1 куб таза сууга 33 сом 24 тыйын акча каражат төлөмү бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Могол таза суу” Муниципалдык ишканасынын директору Х.Мамадалиевага тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Токтобаевке жүктөлсүн.

 

Могол айылдык Кеңешинин

төрагасы 

 

    А. Мамарасулов