МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМ
Могол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XХI сессиясы
2023-жылдын 15-сентябры № 2
Могол айыл аймагында административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча чечимин кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ №350 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчисинде болгон кеңешменин №20-12 сандуу протоколунун 5-пунктунда көрсөтүлгөн тапшырмаларынын негизинде, Базар-Коргон районунда административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча жумушчу тобунун 2023-жылдын 11-сентябрындагы №1 Чечиминин негизинде Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Турдукуловдун билдирүүсүнүн жана Могол айыл аймагынын ар бир айылдарында өткөрүлгөн элдик жыйындарынын протоколдорун угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы токтом кылат:
1.Могол айыл өкмөтү, Арстанбап, Кызыл-Үңкүр жана Талды-Булак айыл аймагынын Көк-Алма айылы ирилештирилип бириктирүү маселеси колдоого алынсын.
2. Могол айыл аймагындагы ар бир айылдарында өткөрүлгөн жыйындардын протоколдорун угуп жана талкуулап Могол айыл өкмөтү, Арстанбап, Кызыл-Үңкүр жана Талды-Булак айыл аймагынын Көк-Алма айылы бириктирилгенден кийин аты Арстанбап-Ата айыл аймагы деп аталсын.
3. Бириккен Арстанбап-Ата айыл аймагынын борбору Ооган-Талаа айылында жайгашсын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык Могол айыл өкмөтүнүн www.Mogol.kg. сайтына жарыялансын.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Могол айылдык Кеңешинин төрагасы |
А. Мамарасулов |