ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отурумунун
2021-жылдын 2-ноябры № 6/1
«Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин 2021-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматынын негизинде күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери кетирилген кемчилдиктерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Өзгөн шаарынын мэри Н.Каримовго:
- шаардын тазалыгын камсыз кылуу, шаарды абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу;
- шаарда жайгашкан мекеме-уюмдардын, ишканалардын менчигинин түрүнө карабастан территориясынын тазалыгын дайыма көзөмөлгө алуу тапшырылсын.
3. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Н.Юлдашевге:
- текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышы боюнча 2021-жылдын 31-декабрына чейин шаардык кеңешке маалымат берүү;
- ишкананын стратегиялык иш-планын иштеп чыгуу, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кирешени көбөйтүү;
- чарбалык эсеп менен иш жүргүзүүнү жандандыруу, өнбөгөн төлөмдөрдү тез арада өндүрүү, эл жана коммерциялык ишканалар менен түзүлгөн келишимдердин санын көбөйтүү боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгуу;
-таштандыларды ташып чыгарууну графикке ылайык так аткаруу, кызматкерлердин ишке болгон жоопкерчилигин күчөтүү, штаттык бирдиктерди оптималдаштыруу жана шаардын тазалыгын дайыма көзөмөлгө алуу;
- эскилиги жеткен муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү тактап, эсептен чыгаруу боюнча МММБ департаментине тез аранын ичинде сунуш берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |