Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 18-ноябры № 691
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстан жана Азербайжан достугу сейил багы" мамлекеттик ишканасын жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстан жана Азербайжан достугу сейил багы" мамлекеттик ишканасы жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргызстан жана Азербайжан достугу сейил багы" мамлекеттик ишканасын жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруу үчүн жоюу комиссиясын түзсүн;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |