Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-майындагы № 131/28-8
Кара-Көл шаардык кеңешинин 30.03.2023-жылдагы №122/26-8 сандуу токтомунун тиркемесине толуктоо киргизүү жөнүндө
Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы М.С.Курамаевдин менчиктештирилбей калган батирлерди менчиктештирүү программасына киргизүү жөнүндөгү кайрылуусун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Р.Касымовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 58,60,61-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна ылайык 8-чакырылыштагы депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
Токтом кылат:
1.Кара-Көл шаардык кеңешинин 30.03.2023-жылдагы №122/26-8 сандуу токтомунун тиркемесине ушул токтомдун тиркемесине ылайык толуктоо киргизилсин.
2. Менчиктештирүү программасын түзүүдө кетирген кемчилдиктери үчүн тиешелүү кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы М.С.Курамаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мэрдин орун басарына (Э.С.Тажимырзаев), Кара-Көл шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (М.С.Курамаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (И.Р.Касымов) жүктөлсүн.
Төрага | Ч.А.Кимсанов |
Тиркеме
Кара-Көл шаардык кеңешинин
25.05.2023-ж. №131-28-5 сандуу токтому менен бекитилди
2023-2025-жж. менчиктештирүү программасына киргизе турган батирлердин тизмеси
№ | Объектинин аталышы | Саны | Баланстык баасы | Башталгыч баасы | Менчиктештирүү |
1. | Серый к. №16 үй, №32 батир | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
2. | Ажиматов к. №9 үй, №2 батир | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
3. | Кулданбаев к. №1 үй, №26 батир | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
4. | Сабиров к. №22 үй, №2 батир | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
5. | Сабиров к. №38 үй, №1,2,3,4,5,6,7 батирлер | 7 | - | - | Менчиктештирүү |
6. | Токтогул к. №21 үй, №4 батир | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
7. | Сабиров к. №115 үй, №7 батир | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
8. | Чаргынов к. №5 үй, №9 батир | 1 | - | - | Менчиктештирүү |
| Жалпы | 14 |
|
|
|
Жооптуу катчы Нурматова К.И.