Редакцияот 25.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 25-майындагы № 132/28-8

Кара-Көл шаарынын  мэринин биринчи орун басары  Э.С.Тажимырзаевдин кайрылуусу жөнүндө

      

       Кара-Көл шаарынын мэринин биринчи орун басары Э.С.Тажимырзаевдин 12.05.2023-ж. чыгыш №01-20/2067 сандуу катын эске алып, шаардык мэрияга Жалал-Абад өнүктүрүү фондунан жол техникаларын сатып алуу максатында шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып Кара-Көл шаардык кеңешинин 8-чакырылыштагы депутаттарынын   кезексиз XXVIII сессиясы

                                                          

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Кара-Көл шаарынын мэринин биринчи орун басары Э.С.Тажимырзаевдин кайрылуу каты жана шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсү эске алынсын.

2. Кара-Көл шаарынын мэриясына (Т.Т.Конкобаев) Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду аркылуу Кара-Көл шаарынын мэриясын атайын оор техникалар менен камсыз кылууну ишке ашырууга макулдук берилсин.

3. Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна өткөрүлгөн долбоорлордун жалпы суммасынын 30 пайыздык өлчөмү Кара-Көл шаардык бюджетинен камсыз кылынары белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Т.Т.Конкобаев), көзөмөлдөө жагы шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына (Т.А.Мамытканова) жүктөлсүн.

 

Төрага  

Ч.А.Кимсанов