Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Өрүктү айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги

XI сессиясы

 

2023-жылдын 3-ноябры № 2

 

Өрүктү айылдык аймагынын 2023-жылдын IV кварталына карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

          Өрүктү айылдык аймагынын бюджетинин 2023-жылга карата киреше бөлүгүнүн көбөйгөндүгүнө байланыштуу жана айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүлөрүн эске алып, бюджеттин IV кварталга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында Өрүктү айылдык  Кеңешинин VIII  чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы токтом кылат:

1.Өрүктү айылдык аймагынын 2023-жылдын IV кварталына карата бюджетинин киреше бөлүгү 3 000,0 миң сомго көбөйтүлсүн.

2. Өрүктү айылдык аймагынын 2023-жылдын IV кварталына карата бюджетинин чыгаша бөлүгү жалпы 3 000,0 миң сомго көбөйтүлсүн.

3. Жогорудагы көбөйтүлгөн акча каражаттары төмөнкүдөй статьялар боюнча бөлүштүрүлсүн:

-       2215 башка чыгымдар бөлүмүнө 1 200,0 миң;

-       2221 кезектеги ремонт 1 500,0 миң;

-       2512 субсидия 300,0 миң сомго көбөйтүлүп бекитилсин.

4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик  реестрине киргизүү  Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү  айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Айылдык Кеңешинин төрайымы:

К. С. Усенбаева