Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Өрүктү айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги

XI сессиясы

 

2023-жылдын 3-ноябры № 3

 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Үлүштүк (Дем берүүчү) грантына сунушталуучу долбоор үчүн айыл аймактын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинен өздүк салымын бөлүп берүү жөнүндө

 

          Өрүктү айылдык аймагынын “Өрүктү айылындагы А. Пирматов көчөсүн асфальттоо” долбоорун  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Үлүштүк (Дем берүүчү) грантына сунуштоо  үчүн айыл аймактын өздүк салым катары каражатын ажыратуу максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII  чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:

1. “Өрүктү айылындагы А. Пирматов көчөсүн асфальттоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн Өрүктү айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинен 6 680 957 (алты миллион  алты жүз сексен миң тогуз жүз элуу жети)  сом акча каражаты айыл аймактын өздүк салымы катары каралсын.

2.Аталган акча каражатын айыл аймактын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджети бекитилгенден кийин тиешелүү статьядан мыйзамдын чегинде ажыратып берүү айыл аймактын ФЭБнүн башчысы М. Осмонбековго жүктөлсүн.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик  реестрине киргизүү  Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрайымы:

К. С. Усенбаева