Редакцияот 28.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 28-апрели № 22/1

 

Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2023-жылда бекитилген бюджетине  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында  Ала-Бука айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Э.Карабаевдин билдирүүсүн угуп жана айылдык кеңешинин бюджет экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 27-апрелиндеги отурумунун корутундусун талкуулап чыгып, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы  токтом кылат:

1.  Жергиликтүү бюджеттин 3111-беренесине каралган акча каражаттын эсебинен   27000000 (жыйырма жети млн) сом акча каражаты айыл аймагындагы ар-бир шайлоо участкаларына пропорцияналдык түрдө бөлүнсүн.

2. Бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана чыгымдарды пайдаланууну оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүү, айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Э.Карабаевге жүктөлсүн.

3. Токтомду  Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg   сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын    мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына   милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын. 

 

 

  Айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары                                                              А.Саттаров