Сравнение редакций…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-ноябрындагы № 713 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын монополияга
каршы мыйзамдары жаатында жөнгө салуу
жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу
мамлекеттик орган тарабынан
контроль жүргүзүүнүн
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контроль жүргүзүүнүн тартиби (мында ары – Тартип) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан чарбалык субъекттердин монополияга каршы мыйзамдарга каршы келген аракеттеринде, чарбалык субъекттердин бааларды, суроо-талапты, сунушту же товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмүн өзгөртүүгө, белгилөөгө жана кармап турууга багытталган аракеттеринде (аракетсиздиктеринде), социалдык-маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салууда, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын жүйөлөштүрүлгөн сунушунда керектөө бааларын жогорулатуу (төмөндөтүү) белгилери боюнча жүргүзүлүүчү контролдук иш-чараларды жүргүзүү жол-жобосун аныктайт.
2. Бул Тартипте “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде жана “Баа түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде аныкталган түшүнүктөр, ошондой эле төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) контролдук иш-чара – бул жеке ишкерлер, юридикалык жактын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, аткаруу бийлигинин органдары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын баа түзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын контролдоо максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу контролдук-аналитикалык иш-аракеттердин комплекси;
2) мониторинг – Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын сактоо предметине уюмдардын иши жөнүндө маалыматты максаттуу багытталган, системалуу, үзгүлтүксүз, бирөө аркылуу алууну жана талдоону билдирген мамлекеттик контролдун (көзөмөлдүн) режими;
3) контролдук сатып алуу – бул контролдук иш-чара, анын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан керектөөчүлөргө товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө контролдоо субъекти тарабынан милдеттүү талаптардын сакталышын текшерүү максатында бүтүм жасоо үчүн кырдаалды түзүү боюнча иш-аракеттер жүзөгө ашырылат;
4) кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү – атаандаштыкты чектөөгө жана бааларды жогорулатууга багытталган монополиялык аракеттер, макулдашуулар (картель), макулдашылган аракеттер, ак ниетсиз атаандаштык байкалган жосундарды (аракеттерди, аракетсиздиктерди) далилдөө максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлүүчү көчмө текшерүү;
5) рейддик контроль – бул Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу жана баа түзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузууларды ыкчам аныктоого багытталган контролдук иш-чара;
6) контролдоо субъекттери – Кыргыз Республикасынын тиешелүү товардык рынокторунда иш жүргүзгөн жеке ишкерлер, юридикалык жактын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, аткаруу бийлигинин органдары жана алардын ведомстволук мекемелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик бюджеттен тышкаркы фонддор, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, жеке жактар.
2-глава. Контролдук иш-чаралардын түрлөрү
3. Ушул Тартипке ылайык ыйгарым укуктуу орган контролдук иш-чаралардын төмөнкүдөй түрлөрүн жүзөгө ашырат:
1) мониторинг;
2) контролдук сатып алуу;
3) кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү;
4) рейддик контроль.
4. Бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүдө жана “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, жана 71-беренелерин бузуу белгилери боюнча контролдук иш-чараларды жүргүзүүнүн башталышы жөнүндө контролдоо субъекттерине алдын ала кабарлоого жол берилбейт.
3-глава. Контролдук иш-чараларды жүргүзүүнүн тартиби
5. Контролдук иш-чара ыйгарым укуктуу органдын чечиминин (тескемесинин, жолдомосунун, буйругунун) (мындан ары – жолдомо) негизинде жүзөгө ашырылат.
6. Жолдомодо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) контролдук иш-чараны жүргүзүү жөнүндө чечимдин (тескеменин, жолдомонун, буйруктун) номери жана датасы;
2) контролдук иш-чаранын түрү;
3) ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
4) контролдук иш-чараны жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын (адамдарынын) аты-жөнү;
5) жүргүзүлүүчү контролдук иш-чаранын максаты жана предмети;
6) контролдук иш-чараны жүргүзүүнүн укуктук негиздери;
7) контролдук иш-чаранын башталган жана аяктаган датасы;
8) текшерүү субъектинин аталышы жана дареги же ага карата контролдук иш-чара жүргүзүлүп жаткан адамдын аты-жөнү.
7. Контролдук иш-чараны жүргүзүү жөнүндө чечимге ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси, анын орун басары же ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси кол коёт жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт. Контролдук иш-чараны жүргүзүүгө жолдомодо көрсөтүлгөн адамдарга гана жол берилиши мүмкүн.
8. Контролдук иш-чараны жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу орган контролдоо субъектинен контролдук иш-чаранын предметине тиешеси жок маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укуксуз.
9. Ыйгарым укуктуу орган, анын аймактык бөлүмдөрү контролдук иш-чараларды жүргүзүүгө жолдомолорду эсепке алуунун өзгөчө тартибин жүргүзүүгө милдеттүү.
10. Мониторинг сүрөткө тартуу, аудио жана видео жазуу функциялары бар техникалык каражаттарды колдонуу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
11. Мониторинг ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын контролдоо субъекти же анын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүз жүргүзүлөт.
12. Мониторинг жүргүзүүнүн мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси, анын орун басары же ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан аныкталат, бирок 10 жумуш күндөн ашпоого тийиш.
13. Контролдук сатып алуу контролдоо субъектине эскертүүсүз ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
14. Контролдук сатып алуунун максаты товарларды сатууда, кызматтарды көрсөтүүдө (жумуштарды аткарууда) Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген милдеттүү талаптардын контролдоо субъекттери тарабынан сакталышын текшерүү болуп саналат.
15. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине же жетекчисинин орун басарына, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисине киргизилүүчү контролдук сатып алууну жүргүзүүнү негиздөө менен аны жүргүзүү жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн сунуш контролдук сатып алууну жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
16. Эгерде ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси же жетекчисинин орун басары, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси сунуштамада көрсөтүлгөн негиздер менен макул болсо, ал контролдук сатып алууну жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
17. Контролдук сатып алуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин же жетекчисинин орун басарынын, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин контролдук сатып алууну жүргүзүү жөнүндө жолдомосунун негизинде гана жүргүзүлүүгө тийиш.
18. Контролдук сатып алуу жөнүндө жолдомодо төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
2) контролдук сатып алууну жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамынын же кызмат адамдарынын аты-жөнү, кызмат орду;
3) контролдук сатып алуу жүргүзүлүп жаткан контролдоо субъектиси жөнүндө. Контролдоо субъектинин жайгашкан жери жана (же) контролдук сатып алууну түздөн-түз жүргүзүү пландаштырылган контролдоо субъектинин ишин иш жүзүндө жүзөгө ашыруучу жер;
4) аралыктан контролдук сатып алууну жүргүзүүдө контролдук сатып алууну жүргүзүү жөнүндө жолдомодо контролдук сатып алуу жүргүзүлгөн жерди идентификациялоого мүмкүндүк берген маалымат (почта дареги, телефон, факс номери, сайттын дареги, электрондук почтанын дареги жана (же) башка маалымат, интернет дүкөндүн аталышы, интернет баракчанын дареги) киргизилет;
5) контролдук сатып алууну жүргүзүүнүн негизи;
6) контролдук сатып алуунун жүрүшүндө сатып алынууга тийиш болгон товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр), аларды сатып алуу жана төлөө ыкмалары жөнүндө маалыматтар;
7) контролдук сатып алууну жүргүзүү датасы же мезгили;
8) контролдук сатып алуунун жүрүшүндө фото жана видео тартууну, ошондой эле видеожазууну колдонуу жөнүндө маалыматтар.
19. Жолдомонун негизинде ыйгарым укуктуу кызмат адамы сатып алуучунун атын жамынып товарды же кызмат көрсөтүүнү сатып алат.
20. Ыйгарым укуктуу кызмат адамы, эгерде контролдук сатып алууну жүргүзүү жөнүндө жолдомосу бар болсо, төмөнкүлөргө укуктуу:
1) товарды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өз алдынча, же болбосо юридикалык жактын кызматкерин (өкүлүн), жеке ишкерди же анын кызматкерин (өкүлүн) тартуу менен тандап алууга;
2) документтерге кол коюуга, ошондой эле товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасоого;
3) товар (жумуш, кызмат көрсөтүү) жөнүндө документтерди жана (же) маалыматты суроого;
4) зарыл учурларда сатуу фактысын ырастоонун зарыл элементи катары фото жана видеого тартуу каражаттарын, ошондой эле видеожазууну пайдаланууга.
21. Контролдук сатып алуу аяктагандан кийин ыйгарым укуктуу кызмат адамы:
1) контролдук сатып алуулар жүргүзүлгөндүгү жөнүндө жарыялайт;
2) кызматтык күбөлүгүн, контролдук сатып алууну жүргүзүү жөнүндө жолдомону көрсөтөт жана контролдоо субъектинин өкүлүнө же анын өкүлүнө контролдук сатып алууну жүргүзүү жөнүндө жолдомонун көчүрмөсүн берет.
Эгерде ыйгарым укуктуу кызмат адамы интернет же телефон аркылуу бир нерсе сатып алса, ал бул жөнүндө эртеси күнү жарыялашы мүмкүн.
22. Контролдук сатып алуунун жыйынтыгы боюнча акт түзүлөт.
23. Контролдоо субъектинин жетекчиси же анын ыйгарым укуктуу өкүлү контролдук сатып алууну жүргүзүү жөнүндө актыда жолдомо менен таанышкандыгын чагылдырууга тийиш. Эгерде контролдоо субъектинин өкүлү жолдомо менен таанышуудан же жолдомонун көчүрмөсүн алуудан баш тартса, актыга бул жөнүндө маалыматтар киргизилет.
24. Контролдук сатып алуунун жүрүшүндө төмөнкүдөй контролдук иш-аракеттер жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) кароо;
2) сурамжылоо;
3) эксперимент жүргүзүү;
4) инструменттик изилдөө;
5) документтерди талап кылуу;
6) товарлардын үлгүлөрүн сыноого же экспертизага жиберүү.
25. Зарыл болгон учурда контролдук сатып алуу процессин жаздыруу максатында аны жүргүзүүдө фото тартуу, аудио жана видео жазуу, жаздыруунун башка ыкмалары колдонулат.
26. Контролдук сатып алуунун мөөнөтү, адатта, бүтүм жүргүзүлүп, керектүү инструменттик изилдөө, сыноо же экспертиза жүргүзүлүп жаткан мезгил менен аныкталат.
27. Контролдук сатып алуу аяктагандан жана экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин акча каражаттары контролдоо (көзөмөлдөө) органына төмөнкүдөй жол менен кайтарып берилет:
1) контролдук сатып алууну жүргүзгөн ыйгарым укуктуу адамга накталай акча каражаттарын токтоосуз кайтаруу;
2) контролдоо субъекти же анын өкүлдөрү контролдук сатып алуунун жүрүшүндө которулган акча каражаттарын накталай эмес эсептешүүлөр жолу менен продукцияга (товарларга), контролдук сатып алуунун жүрүшүндө аткарылган жумуштарга, көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөнгөн эсепке кайтаруу боюнча зарыл аракеттерди токтоосуз аткаруу.
28. Продукция (товар) баштапкы түрүн же өзүнүн керектөө касиеттерин жоготкон, же болбосо сыноого же экспертизага жиберилген, ал эми аткарылган жумуштардын, көрсөтүлгөн кызматтардын натыйжалары керектелген учурларды кошпогондо, контролдук сатып алуунун жүрүшүндө алынган продукция (товарлар), аткарылган жумуштардын, көрсөтүлгөн кызматтардын натыйжалары контролдоо субъектине же анын өкүлүнө кайтарып берилет.
29. Контролдук сатып алуунун жыйынтыгы боюнча акт инструменттик изилдөөнүн, сыноонун же экспертизанын маалыматтарын алгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде түзүлөт.
Контролдук сатып алууга жолдомо ушул Тартиптин 1-тиркемеге ылайык түзүлөт.
30. Контролдоо субъекттерин кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү монополиялык аракеттердин, макулдашуулардын (картелдердин), макулдашылган аракеттердин, ак ниетсиз атаандаштыктын белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышына контролду жүзөгө ашыруу максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
31. Кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү жүргүзүүгө негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ыйгарым укуктуу органдын Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптарын бузуу белгилери жөнүндө маалыматтарды алуусу;
2) жеке жактардын, юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу белгилерин көрсөткөн билдирүүлөрү жана арыздары, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы билдирүүлөрү;
3) арыз берүүчүнүн укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулушу жөнүндө документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен жеке же юридикалык жактын жазуу жүзүндөгү арызы;
4) укук коргоо органдарынан, башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, юридикалык жактардан келип түшкөн жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу белгилерин көрсөткөн материалдар;
5) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу жөнүндө ишти кароонун натыйжалары боюнча же экономикалык концентрацияга мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууда ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жазма буйрукту аткаруу мөөнөтүнүн бүтүшү;
6) ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу белгилеринин табылыш.
32. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптарын макулдашуулардын (картелдердин) катышуучусу (катышуучулары) тарабынан сакталуусу, аракеттердин макулдашылгандыгы, монополиялык аракеттер, өз ишин жүзөгө ашырууда ак ниетсиз атаандаштык кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүүнүн предмети болуп саналат.
33. Кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү ыйгарым укуктуу органдын жолдомосунун негизинде жүзөгө ашырылат.
34. Кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү жолдомодо көрсөтүлгөн текшерүү жүргүзүү башталган датадан тартып бир айдан ашпоого тийиш. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин, анын орун басарынын, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечими (тескемеси, буйругу, жазма буйругу) боюнча мөөнөт эки айдан ашык эмес убакытка узартылышы мүмкүн.
35. Кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү жүргүзүүнүн алкагында ыйгарым укуктуу орган контролдоо субъекттеринин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, анын ичинде филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ишин текшерүүгө укуктуу.
Эгерде кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү жүргүзүү үчүн атайын таанып билүү талап кылынса, аны өткөрүүгө ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча ыйгарым укуктуу органдын каражаттарынын эсебинен адистер жана (же) эксперттер тартылышы мүмкүн.
36. Кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары текшерүүнүн толуктугу үчүн мааниси бар жагдайларды аныктоо максатында текшерүү предметине тиешелүү болгон аймактарды, жайларды (текшерилип жаткан адамдын турак жайын кошпогондо), текшерүү субъектинин документтерин жана предметтерин карап чыгууга укуктуу.
37. Карап чыгууну жүзөгө ашырууга текшерүү субъекти, анын өкүлү, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүүгө катышууга тартылган башка адамдар катышууга укуктуу.
38. Зарыл учурларда кароону жүзөгө ашырууда фото жана видео тартуу жүргүзүлөт, документтердин көчүрмөлөрү алынат, ошондой эле маалыматты электрондук алып жүрүүчүлөрдүн көчүрмөлөрү жасалат.
39. Текшерүүнү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары текшерүү субъектинен кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды, анын ичинде компьютердик маалыматты (компьтердин эсинде турган, машиналык же башка алып жүрүүчүлөрдө жазылган маалымат) камтыган материалдарды талап кылууга укуктуу.
40. Документтерди жана маалыматтарды берүү жөнүндө жүйөлүү талап контролдоо субъектине же анын өкүлүнө кол койдуруу менен тапшырылат.
41. Талап кылынуучу документтер көчүрмө түрүндө берилет. Зарыл болгон учурда текшерүү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары документтердин түп нускалары менен таанышууга укуктуу.
42. Кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө талап кылынган документтер жана маалыматтар текшерүү жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан белгиленген мөөнөттө берилет.
43. Документтерде камтылган коммерциялык, кызматтык же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сыр аларды ыйгарым укуктуу органга берүүдөн баш тартуу үчүн негиз боло албайт. Мында текшерүү субъекти (арыз ээси) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммерциялык сыр болуп саналбай турган документтерди жана маалыматтарды кошпогондо, коммерциялык сырды түзгөн документтердин жана маалыматтардын толук тизмесин көрсөтүүгө тийиш.
44. Текшерүү субъекти тарабынан ушул Тартипте белгиленген тартипте талап кылынуучу маалыматтардын мөөнөтүндө берилбеши же билип туруп анык эмес маалыматтардын берилиши Кыргыз Республикасынын укук бузулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
45. Кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтар ыйгарым укуктуу орган тарабынан товардык рынокторго талдоо жүргүзүүдө, монополиялык аракеттердин белгилери боюнча иштерди, макулдашууларды (картелдерди), аракеттердин макулдашылгандыгын, ак ниетсиз атаандаштыкты, анын ичинде Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу белгилеринин бар (жок) экендигин аныктоо боюнча кароодо пайдаланылат.
Кабарлоосуз (капысынан) текшерүүгө жолдомо жана текшерилүүгө тийиш болгон суроолордун тизмеги ушул Тартиптин 2-тиркесине ылайык түзүлөт.
46. Рейддик контроль мамлекеттик бийлик органдары тарабынан белгиленген бааларды (тарифтерди), бааларга (тарифтерге) үстөктөрдү, бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүдө чектик максималдуу же минималдуу бааларды (тарифтерди), бааларга (тарифтерге) чектик максималдуу же минималдуу үстөктөрдү контролдоо субъекттеринин сактоосун контролдоо максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
47. Рейддик контроль ыйгарым укуктуу орган тарабынан бааларды мамлекеттик жөнгө салуу колдонулган мезгилде гана жүргүзүлөт.
Рейддик контроль төмөнкүдөй бир нече контролдоо субъекттерине карата дароо жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) иштин белгилүү бир түрү менен алектенген ишкерлерге;
2) патенттин (милдеттүү, ыктыярдуу) негизинде ишкердик ишин жүргүзгөн ишкерлерге;
3) бир калктуу конушта турган объекттерге;
4) дарек боюнча.
48. Рейддик контролду жолдомодо контролдоо субъектинин толук аталышын жана ИСНин көрсөтпөстөн, бирок аймактын участогунун жана ушул жолдомодо белгиленген маселелердин алкагында жүргүзүүгө жол берилет. Контролдоо субъекти кызматтык күбөлүгүн жана рейддик контроль жүргүзүү жөнүндө чечимин көрсөткөндө ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарын аймакка же жайга киргизүүгө милдеттүү.
49. Рейддик контроль ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин же жетекчисинин орун басарынын же ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин колу коюлган жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн рейддик контроль жүргүзүү жөнүндө жолдомону контролдоо субъектине берүүдөн башталат.
50. Рейддик контроль жүргүзүү жөнүндө чечим төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) чечимдин ыйгарым укуктуу органда катталган датасы жана номери;
2) рейддик контроль жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
3) контролдун түрү;
4) рейддик контролду жүргүзүү үчүн негиз;
5) контролдоо предмети;
6) рейддик контролду жүзөгө ашыруучу адамдардын аты-жөнү, кызмат орду;
7) рейддик контролду жүргүзүү мөөнөтү;
8) текшерилүүчү аймак же рейддик контроль менен камтылууга тийиш болгон контролдоо субъекттеринин тизмеси.
51. Рейддик контролду жүргүзүүнүн мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси же жетекчисинин орун басары же ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан аныкталат, бирок үч жумуш күндөн ашпоого тийиш.
Рейддик контролго жолдомо ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык түзүлөт.
4-глава. Контролдук иш-чараларды өткөрүүнүн башталышы жана аякташы
52. Контролдук иш-чараларды өткөрүүнүн башталган күнү катары жолдомодо көрсөтүлгөн дата эсептелет.
53. Контролдук иш-чараларды өткөрүүнүн мөөнөтү узартылган учурда ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси, анын орун басары, ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси жолдомонун тиешелүү бөлүмүн эки нускада толтурат, кол коет жана мөөр менен бекитет.
54. Текшерүүнүн мөөнөтүнүн аякташы деп жолдомодо көрсөтүлгөн контролдук иш-чараны өткөрүү аяктаган дата эсептелет.
Контролдук иш-чараны өткөрүү жолдомодо көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда аяктаган учурда контролдук иш-чараны өткөрүү аяктаган дата болуп контролдоо субъектине актыны тапшырган дата же ыйгарым укуктуу органда аналитикалык серепти каттоо датасы саналат.
55. Контролдук сатып алуунун жана рейддик контролдун натыйжалары боюнча акт түзүлөт.
56. Акт эки нускада түзүлөт жана контролдук иш-чараны өткөргөн ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары жана контролдоо субъектинин кызмат адамы тарабынан кол коюлат.
57. Актыда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) акт түзүлгөн дата, убакыт жана жер;
2) ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
3) контролдук иш-чараларды өткөрүүгө жолдомонун реквизиттери;
4) контролдук иш-чараларды өткөрүү үчүн негиз;
5) контролдук иш-чаранын түрү;
6) контролдук иш-чараны өткөргөн кызмат адамынын кызмат орду, аты-жөнү жана кызматтык күбөлүгүнүн номери;
7) контролдоо субъектинин аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы, контролдоо субъектинин дареги, контролдоо субъектинин идентификациялык салык номери;
8) контролдук иш-чараны өткөрүү датасы, убактысы жана орду;
9) мыйзамдардын жана мыйзам алдындагы актылардын конкреттүү ченемдерин көрсөтүү менен контролдук иш-чаралардын натыйжалары жөнүндө, анын ичинде аныкталган бузуулар тууралуу маалыматтар;
10) контролдоо субъектинин (анын өкүлүнүн) контролдук иш-чаранын натыйжалары менен таанышкандыгы же таанышуудан баш тарткандыгы жөнүндө маалыматтар, анын колу;
11) контролдук иш-чараны өткөргөн кызмат адамынын колу, контролдоо субъектинин катталган жана экономикалык иш жүргүзгөн жери;
12) контролдук иш-чарага катышкан контролдоо субъектинин жетекчисинин жана башка кызмат адамдарынын аты-жөнү;
13) иштин контролдук иш-чара менен камтылган мезгили.
58. Эгерде эреже бузуулар аныкталбаса, актыга тиешелүү жазуу киргизилет.
59. Актыга контролдук иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө алынган жүргүзүлгөн сыноолордун жана экспертизалардын натыйжалары жана анын натыйжаларын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
60. Мониторингдин жана кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүүнүн натыйжалары боюнча аналитикалык сереп түзүлөт.
61. Аналитикалык сереп бир нускада түзүлөт жана мониторинг же кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары тарабынан кол коюлат.
62. Аналитикалык серепте төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) серепти түзүүнүн датасы;
2) ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
3) мониторинг же кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү жүргүзүү жөнүндө жолдомонун реквизиттери;
4) мониторинг же кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү жүргүзүү үчүн негиз;
5) мониторинг же кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү жүргүзгөн кызмат адамдын кызмат орду, аты-жөнү жана кызматтык күбөлүгүнүн номери;
6) текшерүү субъектинин – жеке ишкердин аты-жөнүн же текшерүү субъектинин – юридикалык жактын аталышын, текшерүү субъектинин дарегин;
7) мониторингдин же кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүүнүн башталган жана аяктаган датасы, убактысы, мониторинг же кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү жүргүзүлгөн жер;
8) мониторингдин же кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө, анын ичинде аныкталган бузуулар тууралуу маалыматтар.
63. Мамлекеттик, коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды камтыган контролдук иш-чаралардын натыйжалары мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо менен таризделет.
5-глава. Контролдук иш-чараларды жүргүзүү процессинде контролдоо субьекттеринин укуктарын коргоо
64. Контролдук иш-чараларды жүргүзүүдө контролдоо субъекттеринин укуктарын коргоо административдик жана (же) сот тартибинде жүзөгө ашырылат. Контролдук иш-чараларды жүргүзүүчү кызмат адамынын аракети, ошондой эле контролдук иш-чаралардын натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
65. Ыйгарым укуктуу органдын жана анын кызмат адамдарынын төмөнкүдөй аракеттери (аракетсиздиги) мыйзамсыз деп эсептелет:
1) ыйгарым укуктары ушул Тартипте белгиленбеген ыйгарым укуктуу орган жана анын кызмат адамдары тарабынан контролдук иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
2) контролдук иш-чараларды жүргүзүүдө түздөн-түз айыптардын жана башка төлөмдөрдүн суммасын накталай формада алуу;
3) контролдоо предметине тиешеси жок документтерди, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүнү талап кылуу;
4) мамлекеттик, коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды контролдоо субъектинин макулдугусуз жайылтуу;
5) ушул Тартипте белгиленген контролдук иш-чараларды жүргүзүү тартибин бузуу;
6) контролдук иш-чараларды өткөрүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн бузуу;
7) кызмат адамы тарабынан кызматтык күбөлүктү, контролдук иш-чараны өткөрүү жөнүндө чечимди көрсөтпөө;
8) контролдук сатып алуунун жана рейддик контролдун натыйжалары боюнча акт түзбөө;
9) контролдоо субъектине же анын кызмат адамына контролдук иш-чаранын натыйжалары боюнча актыга кол коюуга жана актыга каршы пикирлери жөнүндө жазууга мүмкүнчүлүк бербөө;
10) ыйгарым укуктуу орган жана анын кызмат адамдары тарабынан ушул Тартипте белгиленген милдеттерди аткарбоо.
6-глава. Контролдук иш-чараларды жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу органдын жана анын кызмат адамдарынын милдеттери жана укуктары
66. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын чегинде контролдук иш-чараларды каржылоону жүзөгө ашырууга;
2) контролдук иш-чараларды текшерүү субъекттеринин турган же иш жүргүзгөн жери боюнча жүргүзүүгө;
3) контролдоо субъекттерине каршы талаптарды белгилеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жана так эместиктерди пайдаланбоого.
67. Кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө жана контролдоо субъектине рейддик контроль, контролдук сатып алуу же кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү жүргүзүү жөнүндө жолдомонун бир нускасын берүүгө;
2) жүргүзүлгөн контролдук иш-чара жөнүндө инспектордук текшерүүлөрдү эсепке алуу китебине белги коюуга (инспектордук текшерүүлөрдү эсепке алуу китеби бар болсо);
3) контролдук иш-чараларды ушул Тартипте белгиленген багыттарга ылайык жүргүзүүгө;
4) контролдук иш-чараларды контролдоо субъекттеринин иш убактысында жүргүзүүгө;
5) контролдоо предметине тиешелүү документтерди жана башка материалдарды талап кылууга;
6) үлгүлөрдү (сынамдарды) контролду жүргүзүү үчүн зарыл болгон минималдуу санда алууга;
7) контролдоо субъектинин талабы боюнча ченемдик укуктук актыларды, арыздарды (эгерде текшерүү арыздын негизинде демилгеленсе), ошондой эле контролдук иш-чаралар алардын негизинде жана ага ылайык өткөрүлүүчү башка документтерди берүүгө;
8) контролдук иш-чаранын жүрүшүндө аныкталган тартип бузууларды Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын жоболоруна (ченемдерине) негиздөөгө;
9) коммерциялык сыр, купуя маалыматты, ошондой эле контролдук иш-чаранын натыйжасында алынган, жайылтылышы контролдоо субъектине зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматты жайылтпоого.
68. Текшерүүчү кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) контролдоо субъекттеринен документтерди талап кылууга жана контролдук иш-чараларды өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан маселелер боюнча маалымат жана түшүндүрмө алууга;
2) зарыл болгон учурда документтердин көчүрмөсүн алууга;
3) эгерде мындай кароо текшерүү жүргүзүү менен байланыштуу болсо, жайларды, жабдууларды, башка мүлктү карап чыгууга;
4) эгерде контроль технологиялык талаптардын сакталышы менен байланыштуу болсо, технологиялык процесстерге байкоо жүргүзүүгө;
5) контролдоо субъекттери кызмат адамынын мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тарткан учурда контролдоо субъекттеринин кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүүгө.
69. Контролдук иш-чараларды жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) контролдук иш-чараны өткөргөндүгү үчүн контролдоо субъекттеринен кандайдыр бир сый акы талап кылууга же алууга;
2) контролдоо субъекттери тарабынан эреже бузуу фактысын анын ишине кийлигишүү үчүн негиз катары пайдаланууга.
7-глава. Контролдук иш-чараларды жүргүзүүдө аныкталган эреже бузуу фактылары боюнча көрүлүүчү чаралар
70. Контролдук иш-чараларды жүргүзүүдө контролдоо субъекттери тарабынан ушул Тартиптин талаптарын бузуулар аныкталганда ыйгарым укуктуу орган өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрөт.
71. Контролдоо субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу орган контролдоо иш-чараларынын материалдарын укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө тийиш.
8-глава. Контролдук иш-чараларды жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу органдын жоопкерчилиги
72. Ыйгарым укуктуу орган жана анын кызмат адамдары контролдук иш-чараларды өткөрүүдө өздөрүнүн функцияларын жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаган учурда Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контроль жүргүзүүнүн тартибине 1-тиркеме
|
Жолдомо
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы
(текшерүүчү органдын аталышы)
Тапшырат: __________________________________________________
____________________________________________________________
(Аты-жөнү, кызмат орду, күбөлүктүн №)
Контролдук сатып алууларды жүргүзүү: _________________________ ____________________________________________________________
(Сатып алынууга тийиш товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалыматтар)
________________________________________________________________________________________________________________________
(Контролдоо субъектинин аталышы, интернет дүкөндүн аталышы, интернет баракчанын дареги)
негизинде:___________________________________________________ ____________________________________________________________
Төлөө ыкмасы: □ накталай төлөм□ накталай эмес төлөм
Фиксациялоонун техникалык каражаттарын колдонуу: □ колдонбостон
□ видеофиксация □ фотофиксация □ аудиофиксация
Контролдук текшерүү жүргүзүүнүн мезгили: ____________________
Төрага
М.О
Кыргыз Республикасынын
монополияга каршы
мыйзамдары жаатында
жөнгө салуу жана
көзөмөлдөө боюнча ыйгарым
укуктуу мамлекеттик орган
тарабынан контроль
жүргүзүүнүн тартибине
2-тиркеме

тапшырат: ___________________________________________________ ____________________________________________________________
(Аты-жөнү, кызмат орду, күбөлүктүн №)
кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү жүргүзүү: ______________________ ____________________________________________________________
(Текшерүүнүн субъекти)
негизинде:___________________________________________________
Кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүүнүн максаты жана предмети:______

Кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү:____________________________________________________________
Ишке тартылган адистер:______________________________________
Текшерүүнүн мөөнөтүн узартуу: ________________________________
Текшерүүчүлөрдүн (ишке тартылган адистердин) курамынөзгөртүү:_______________________________________________________________________________________________________________________
(Аты-жөнү, кызмат орду, күбөлүктүн №)
Төрага
М. О.
Бекитем:
Кыргыз Республикасынын
Экономика жана коммерция
министрлигине караштуу
Монополияга каршы жөнгө
салуу кызматынын төрагасы
_________________________
20___ -жылдын «___»______
Кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүүгө тийиш болгон маселелер:
1.
2.
3.
4.
5.
Кабарлоосуз (күтүүсүз) текшерүүнүн натыйжасы боюнча аналитикалык сереп (бир нускада) түзүлөт.
Башкармалыктын начальниги
Кыргыз Республикасынын
монополияга каршы
мыйзамдары жаатында жөнгө
салуу жана көзөмөлдөө боюнча
ыйгарым укуктуу мамлекеттик
орган тарабынан контроль
жүргүзүүнүн тартибине
3-тиркеме

Тапшырат:

рейддик контроль жүргүзүү: ___________________________________ ____________________________________________________________
(Текшерилүүчү аймак же рейддик контроль жүргүзүлүүгө тийиш болгон контролдоо субъекттеринин тизмеси)
маселеси боюнча: _____________________________________________

негизинде: __________________________________________________

рейддик текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтү:__________________________
Төрага
М.О.
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-ноябрындагы № 713 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын монополияга
каршы мыйзамдары жаатында жөнгө салуу
жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу
мамлекеттик орган тарабынан
контроль жүргүзүүнүн
тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 794 токтомунун редакциясына ылайык)

6) ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу белгилеринин, анын ичинде бааларды мамлекеттик жөнгө салуу колдонулган мезгилде аныкталышы.