Редакцияот 28.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 28-апрели № 22/4

 

Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна долбоор сунуш кылуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин   1-пунктуна ылайык “Ала-Бука водоканал” муниципалдык ишкананын директору  Б.Кулчиновдун билдирүүсүн угуп жана айылдык кеңешинин бюджет экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын2023-жылдын             27-апрелиндеги отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы токтом кылат:

1. “Таза суу” долбоорунун алкагында орнотулган кудуктарды жууп-тазалап туруу үчүн “Ала-Бука водоканал” муниципалдык ишканасына керектелүүчү атайын техниканын долбоору Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун кароосуна сунуш кылынсын.

 2. Сунушталган долбоор боюнча иш жүргүзүү, муниципалдык ишкананын директору Б.Кулчиновго жүктөлсүн.

3. Токтомду  Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына      жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

 

Айылдык кеңешинин

төрагасынын орун басары                                                              А.Саттаров