КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 9-февралы №9
“Коро сарай куруу үчүн” категориясына башка жерлер категория
(курулуш алдындагы) жерлерге которуу боюнча
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Мыйзамы бекитилген “Жер участокторун котору (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобону жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Калба айылдык аймактык кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен Калба айыл аймактык кеңешинин
8-чакырылышынын сессиясы токтом кылат:
1. Калба айылдык аймагына административдик чегиндеги “Негизги” Калба айылына караштуу Кара Добо 2 участогунун №356 чөйрө сызыгындагы жалпы аянты 0,10га жер участогун “Запастагы жерлер” категориясынын жайыт жерлер түрүнөн “Короо сарай куруу үчүн” категорясына башка жерлер категория (Курулуш алдындагы) жерлерге которууга (трансформациялоо) уруксат берилсин.
2. Жерлерди бир категориядан башкасына же, жерлерди башка түрүнө которуу(трансформациялоо) жөнүндө жерге жайгаштыруу көктөмөсүн даярдоо жагы Калба айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Т Уметалиевге жүктөлсүн.
3. Жогорудагы аталган мыйзамга ылайык, которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелүү корутундуларды жана юридикалык иш кагаздарын толуктоо жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысы З.Төлөевага милдеттендирилсин.
Төрага | Сатыбек уулу Максат |