Редакцияот 21.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 21-февралы №10

 

Күн тартибиндеги Калба айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушунун негизинде Калба айыл аймагына караштуу «Кара Дөбө» токой дачасынын 53- кварталындагы №2, №3, №4 чөйрө сызыктарында жайгашкан кум шагыл аралашмасын казып алуу жана иштетүү үчүн 3,95га жер тилкесин чектеп берүү боюнча Калба айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Калба айыл аймагынын «Кара Дөбө» токой дачасынын 53- кварталындагы №2, №3, №4 чөйрө сызыктарында жайгашкан кум шагыл аралашмасын иштетүү үчүн 3,95 га жер аянтын бөлүп берүү жагы Калба айыл өкмөтүнө сунушталсын.

 

2. Иш кагаздарын бүтүрүү жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысы З.Төлөевага жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

Сатыбек уулу Максат