КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 3-апрели №16
Алыскы жайкы жайыттарга малдарды айдап жеткирүү жана мал ылаңын алдын алуу жөнүндө
1. Жайыт комитети жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык пландарынын жоболорун иштеп чыксын.
2. Алыскы жайлоого малдарды өз убагында айдап жеткирүү, жайгаштыруу,фермерлердин арасында медициналык жана башка тейлөөлөрдү уюштуруу, малдарды жайкы жайыттарда болгон мезгилинде жугуштуу оорулардын чыгышын болтурбоо максатында ветеринардык жана айлана чөйрөсүн таза кармоо жагы ар бир фермерге жүрктөлсүн.
3. Жайлоолорго чыгуу графиги түзүлүп, 2023-жылдын 25-майынан баштап фермерлерге көчүүгө уруксат берилсин.
4. Жайыт комитети фермерлерге малдын ден соолугу боюнча тактамаларды ошондой эле жайыт билеттерди алуусу боюнча түшүндүрүү иштери жана малдын ылаңдуу эместигине карата көзөмөл жүргүзсүн.
5. Малдын саны 1000 койдон ашса, ар бир малдын башына 100 сомдон, ал эми бодо малдын саны 150дон ашса 700 сом айып пул фермерлерге салынсын.
6. Жазкы күзгү жайыт жерлерге жана ички жайыттарга 10-сентябрдан эрте көчүп келсе, ошол фермерге 30миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынсын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Калба айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы У.Атакановго жүктөлсүн.
Төрага | Сатыбек уулу Максат |