Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 2-декабры № 723
Ош шаарында балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептерин түзүү жөнүндө
Дене тарбияны, спортту андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү башкаруу механизмдерин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ош шаарынын мэриясына сунушталсын:
– төмөнкүдөй мекемелерди түзүү:
1) “Ош шаардык № 1 балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеп” жайгашкан жерин Ош шаары, Сай Бою көчөсү, 3/1а дареги боюнча аныктоо менен;
2) “Ош шаардык № 2 балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеп” жайгашкан жерин Ош шаары, Сагынбек Супаналиев көчөсү, 1 дареги боюнча аныктоо менен;
3) “Бокс жана оор атлетика боюнча Ош шаардык балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеп” жайгашкан жерин Ош шаары, Сагынбек Супаналиев көчөсү, 99 дареги боюнча аныктоо менен;
4) “Футбол жана сууда сүзүү боюнча балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеп” жайгашкан жерин Ош шаары, Сай Бою көчөсү, 1 дареги боюнча аныктоо менен;
5) “Теннис жана стол тенниси боюнча балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеп” жайгашкан жерин Ош шаары, Сай Бою көчөсү, № 1/1 дареги боюнча аныктоо менен;
– 2025-жылдын 1-январынан тартып түзүлүп жаткан мекемелер үчүн “Эмгек акысы”, “Социалдык фондго төгүмдөр” беренелери боюнча финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетте кароо;
– түзүлүүчү мекемелерди белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик каттоону жүргүзүү;
– бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөө;
– түзүлүүчү мекемелердин объекттерин күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү;
– спорттук-массалык иш-чараларга катышуу менен байланышкан, жергиликтүү бюджетте каралган чыгымдарды түзүлүүчү мекемелер үчүн сактоо;
– бул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүү.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мекемелер үчүн “Эмгек акысы”, “Социалдык фондго төгүмдөр” беренелери боюнча Ош шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансферт жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 94 (3649) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |