Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясынын
2024-жылдын 5-августу №20
« Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Көтөрмө айылындагы Кемпир-Өлдү каналын курууга жайыт жеринен өндүрүштүк зонага трансформацияга которууга макулдук берүү жөнүндө».
Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Көтөрмө айылындагы Кемпир-Өлдү каналын курууга жайыт жеринен өндүрүштүк зонага трансформацияга которууга макулдук берүү жөнүндөгү Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Жуматаевдин кайрылуусу боюнча маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VI сессиясы токтом кылат:
1. Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Көтөрмө айылындагы Кемпир-Өлдү каналын курууга жайыт жеринен узундугу 27000м туурасы 8м жалпы аянты 21,6га жер аянтын өндүрүштүк зонага трансформацияга которууга 3-тиркемеге ылайык макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: |
И.Өмүрбеков |