АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясынын
2024-жылдын 5-августу №22
« Абды Суеркулов айылдык кенешине келген жарандардын арыздарын кароо жөнүндө ».
Абды Суеркулов айылдык кенешине жарандардан келген арыздарды кароо боюнча айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VI сессиясы токтом кылат:
1. Айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде төмөндөгү Абды Суеркулов айыл аймагынын жарандарына трансформацияга макулдук берилсин:
· Кара-Жыгач айылынын тургуну Мырзабеков Тынчтык Жамалбековичке Кара-Жыгач айылындагы Шиленкана суусунун жээгинен жайыт жеринен 0,20га жер аянтын көп жылдык бак өстүрүүгө трансформацияга которууга макулдук берилсин.
· Торкен айылынын тургуну Бактияров Тимур Муратбековичке Торкен айылынын КожоБулак участогунан жайыт жеринен өндүрүштүк зонага 0,50га жер аянты тоок ферма салууга трансформацияга макулдук берилсин.
· Торкен айылынын тургуну Абылгазиева Нурчага Торкен айылынын Түлкүбай-Булак участогунан жайыт жеринен 2га жер аянтын көп жылдык бак өстүрүүгө трансформацияга которууга макулдук берилсин.
· Көтөрмө айылынын тургуну Талантбек уулу Бексултанга Көтөрмө айылынын Кыргоо участогунан 1га жайыт жеринен трансформацияга көп жылдык бак тигүүгө трансформацияга которууга макулдук берилсин.
· Кара-Жыгач айылынын тургуну Стамкулова Замира Турусбековнага Кара-Жыгач айылынын Шиленкана суусунун жанынан жайыт жеринен 0,90га жер аянтын көп жылдык бак өстүрүүгө трансформацияга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: |
И.Өмүрбеков |