Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясынын
2024-жылдын 5-августу №23
« Абды Суеркулов айылдык кенешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу боюнча Торкен айылынын тургуну Тууганбаев Амантур Чороевичке жер аянтын турак жай салууга кайра профилин өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө».
Абды Суеркулов айылдык кенешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу боюнча Торкен айылынын тургуну Тууганбаев Амантур Чороевичке жер аянтын турак жай салууга кайра профилин өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VI сессиясы токтом кылат:
1. Торкен айылынын тургуну Тууганбаев Амантур Чороевичке Торкен айылынын Эмилбек көчөсүндөгү эски почтанын 0,20га жашылдандырууга бөлүнгөн жер аянтын турак жай салууга кайра профилин өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: |
И.Өмүрбеков |