Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 26-июлундагы № 35/VIII-26
Бүтпөй калган жабык теннис имаратын Кант шаарынын мэриясынын балансына кабыл алуу жөнүндө
Кант шаарынын мэриясынын 24.07.2013-жылдагы №271 Кант шаарындагы 3-кичи райондо жайгашкан бүтпөй калган жабык теннис имаратын жалпы 0,6 га жер аянты менен Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын балансынан Кант шаарынын балансына алуу жөнүндөгү катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэри (Турдубеков Ж.С.):
- Кант шаарындагы 3-кичи райондо жайгашкан бүтпөй калган жабык теннис имараты жалпы 0,6 га жер аянты менен баланска алынсын;
- жогоруда белгиленген объектти муниципалдык менчикке алуу жөнүндө тиешелүү документтер даярдалсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин ишкерликти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына (Султанов Э.К.) жүктөлсүн.
Кант шаардык кеңешинин төрагасы |
| А.К. Шайлдабеков |