Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2016-жылдын 16-сентябрындагы № 185/XXX-26
Курулуп бүтө элек спорт комплексин жана спорттук оюн аянтчасын балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин карамагына өткөрүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин депутаты Р.М.Рагимовдун Кант шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан жалпы аянты 0,6 гектарды түзгөн (S имарат – 780,16 м², V имарат-6007,23 м³) курулуп бүтө элек спорт комплексин жана Кант шаарынын 2-кичи районунда жайгашкан жалпы аянты 3600 м²ди түзгөн (S- 3600 м²) (футбол, волейбол, баскетбол) спорттук оюн аянтчасын балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин карамагына өткөрүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап
КАНТ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы Кант шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан жалпы аянты 0,6 гектарды түзгөн (S имарат – 780,16 м², V имарат-6007,23 м³) курулуп бүтө элек спорт комплексин жана Кант шаарынын 2-кичи районунда жайгашкан жалпы аянты 3600 м²ди түзгөн (S- 3600 м²) (футбол, волейбол, баскетбол) спорттук оюн аянтчасын балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин карамагына өткөрүп берсин.
2. Балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинин директору (Абиров А.):
- жогоруда белгиленген объекттерди кабыл алуу боюнча тиешелүү документтер даярдалсын;
- штаттык бирдиктердин зарыл болгон санын карап чыксын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин ишкерликти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына (Султанов Э.К.) жүктөлсүн.
Кант шаардык кеңешинин төрагасы |
| А.К. Шайлдабеков |