Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-ноябры № 706
Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Финансылык тартипти бекемдөө жана республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу чыгымдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 57-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 825 "Жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен бюджеттик ссудаларды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |