Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясынын
2024-жылдын 5-августу №26
« Абды Суеркулов айылдык кенешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын жайыт жерин өндүрүштүк зонага трансформацияга которуу сунушун кароо жөнүндө ».
Абды Суеркулов айылдык кенешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын жайыт жерин өндүрүштүк зонага трансформацияга которуу сунушун угуп жана талкуулап Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын VI сессиясы токтом кылат:
1. Айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде төмөндөгү Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Көтөрмө айылынан жайыт жеринен 0,50га жер аянтын мечит курууга өндүрүштүк зонага трансформацияга которууга макулдук берилсин.
2. Айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде төмөндөгү Абды Суеркулов айыл аймагына караштуу Сары-Сөгөт айылынан жайыт жеринен 0,20га жер аянтын намазкана, балдар аянтчасын жана эс алуу аллеясын курууга өндүрүштүк зонага трансформацияга которууга макулдук берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык веб-сайтка жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага: |
И.Өмүрбеков |