Загрузка документа…
КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-июну №20
Калба айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Калба айылдык кеңешинин кезексиз сессиясынын күн тартибинде маселе боюнча Калба айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдардагы бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндөгү сунушту карап жана талкуулап Калба айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Калба айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдардагы бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү боюнча 2024-жыл 16030,5 миң сом, 2025-жыл 17921,1 миң сом 2026-жыл 18868,3 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Калба айыл аймагынын Калба айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдардагы бюджетинин киреше булагы №1тиркемеге ылайык киреше булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
3. Калба айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдардагы бюджетинин долбоорунун чыгаша бөлүгү боюнча 2024-жыл 16030,5 миң сом, 2025-жыл 17921,1 миң сом 2026-жыл 18868,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Калба айылдык кеңешинин алдындагы бюджет боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Сатыбек уулу Максат |