КАЛБА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 12-августу №22
Калба айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын 3-сессиясы
Күн тартибиндеги Калба айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын
3-сессиясынын 08.08.2023-жылдын протоколунун негизинде Талас шаарынын тургуну М.С Шейшеновдун Калба айыл өкмөтүнө жазган арызын карап чыгып, Калба айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Калба айыл аймагы Кыгыз Республикасынын Президентинин коюп жаткан приоритеттүү программаларынын бири киреше алып келүүчү булактарды иштетүү, жумуш орундарды камсыз кылуу максатында Калба айыл өмөтүнүн аймагына караштуу мурдагы живпромдун мал сарайынын силостук ямаларынан жана түштүк чыгыш бурчун (комплекс-18,6 га) жерден, ижарага “Тоок ферма” ачууга 0,50га жер бөлүнүп берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарын толуктоо жагы Калба айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Керектүү иш кагаздарын толуктоо жагы Калба айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Уметалиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Сатыбек уулу Максат |