Сравнение редакций…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 19-мартындагы № 174/XXIII-27
“Кант шаарынын «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө”
Шаар коомчулугунун алдында көрүнүктүү кызматын баалоо, Кант шаарына пайда алып келүүгө, анын бакубаттуулугун жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган жеке ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында «Кант шаарынын ардактуу жараны» наамы бекитилет
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын “Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Кант шаардык кеңешинин мурун кабыл алынган 22.09.2000-жылдагы
№34/4-23 /IV-23 “Кант шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кант шаарынын мэриясы тарабынан Кант шаардык кеңешинин ушул токтому катуу жетекчиликке алсын.
4. Бул токтомун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кант шаардык кеңешинин төрагасы |
| А.К. Шайлдабеков |
|
| Кант шаардык кеңешинин 19.03.2021-ж. №174/XXIII-27 токтомунун тиркемеси |
I. Жалпы жобо
«Шаардын ардактуу атуулу» наамы коомдук турмушка жигердүү катышкан, шаардын маданий-социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө, турмуш-тиричилигин жакшыртууга өзгөчө салым кошкондорго калктын жашоо шартын, укуктук жана эмгек тартибин, достукту жана биримдикти чыңдоо, чарбаны үлгүлүү тартипте кармоо, урматтоо, алардын эмгегин баалоо максатында коомчулуктун атынан ыраазычылык, өзгөчө жаш муундардын алдында кадыр-баркын көтөрүү жана үлгү катары көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шаардык кеңешинин сунушу менен ыйгарылат.
II. “Шаардын ардактуу жараны” наамын ыйгаруунун шарттары
2.1.Жаранга“Кант шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруунун негиздери болуп саналат:
• Узак мөөнөттүү натыйжалуу кайрымдуулук жана меценаттык ишмердүүлүгү;
• Кант шаарынын тургундарынын жыргалчылыгы үчүн кайраткердик иштерди жасоо;
• Кыргыз Республикасыжана Кант шаары үчүн мамлекеттик, муниципалдык, саясий, илимий, маданий, экономикалык, социалдык же башка иш-аракеттерди жүргүзүүдө Кант шаарынын тургундарына кеңири таанылган эмгеги;
• Шаардык структуранын системасында (уюмдарында жана мекемелеринде) 15 жылдан кем эмес жемиштүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында шаардын тургундарынын арасында узак мөөнөттүү, туруктуу жана атак-даңкы кеңири жайылган жаран, Кант шаарынын мэри, Кант шаардык кеңешинин төрагасы болуп эмгектенгендер, үч жолудан кем эмес шайланган Кант шаардык кеңешинин депутаттары.
2.2.«Кант шаарынын ардактуу жараны» наамы Кыргыз Республикасында мамлекеттик же муниципалдык кызматты ээлеген адамга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жооптуу кызматкерине, жергиликтүү администрациянын башчысына берилбейт.
Көрсөтүлгөн кызматтардын бирин ээлеген адамга “Кант шаарынын ардактуу жараны” наамы анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин же бул кызматта иштегенден кийин алты айдан эрте эмес убакытта ыйгарылат.
2.3.«Кант шаарынын ардактуу жараны» наамы жылына бир жолу бир адамга ыйгарылышы мүмкүн.
2.4.«Кант шаарынын ардактуу жараны» наамы соттуулугу жоюлбаган же соттолгондугу аныкталган адамга берилбейт.
III. «Шаардын ардактуу атуулу» наамын берүү тартиби
3.1.«Шаардын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу маселеси кварталдык комитеттердин, аксакалдар сотунун жана башка коомдук уюмдардын, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын кайрылууларынын негизинде шаардык кеңештин жыйынында көтөрүлүп, талкууланып, шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна коюлат.
Шаардык кеңеш келип түшкөн материалдарды жана депутаттардын ой-пикирлерин тыкыр иликтеп чыгып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун конкреттүү мүчөсүнө «Шаардын ардактуу жараны» наамын жеке ыйгаруу жөнүндө сессия тарабынан кабыл алынган токтомду ишке ашырат.
3.2. «Кант шаарынын Ардактуу жараны» наамы ыйарылган адамга “Кант шаарынын Ардактуу жараны” грамотасы жана “Кант шаарынын Ардактуу жараны” тасмасы ыйгарылат, анын жоболору жана сыпаттамасы Кант шаардык кеңешинин токтому менен бекитилет.
3.3 “Кант шаарынын ардактуу жараны” тасмасы - кызыл баркыттан жасалган, алтын жазуусу бар. Тасманын узундугу - 210 см, туурасы - 16 см; жазуу тамгаларынын бийиктиги- 7,5 см, жазуу тамгаларынын туурасы - 3 см.